Соңку жылдары Кыргызстанда дүйнөгө белгилүү илимий жана мотивациялык китептер которула баштады. Мындай ишти колго алгандардын бири “Бугу пресс” басма үйүнүн жетекчиси жана «Баластан» интерактив журналынын негиздөөчүсү Жаныбек Абидетегин. “Миңсанат” подкастында биз аны менен Кыргызстандагы котормо иши жана анын көрүнбөгөн түйшүктөрү тууралуу баарлашабыз. Маекти Санжи Туйтунова алып барды.
Орусияда түрмөдө жатып, Украинада каза болгон эки тажикстандык мигранттын сөөгү мекенинде жерге берилди. Шаардык сот Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын карай баштады. “Азаттыкты” тушаган чечимдин мөөнөтү дагы эки айга узартылганы сөз эркиндигине кысым катары бааланууда.
Кыргызстанда кунарсыз жерлердин жалпы аянты 500 миң гектар. Анын көбү Баткен облусунда. Бир нече жылдан бери токойчулар мындай боз талааларга жан киргизүү үчүн сөксөөл бадалдарын тандап алышкан. “Жашыл Планета” түрмөгүндө сөксөөл талаалары, токойчулардын эмгеги, тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз.
Баткен - миграциянын күчтүү агымына туш болгон аймактардын бири. Мигранттын айылда калган балдары, үй-бүлөсү чек арада чыр чыккан учурда эң аялуу катмарга айланат. Миграциянын чек ара айылдарындагы балдарга тийгизген таасири тууралуу баянды сунуштайбыз.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Борбор Азия Москвадан алыстап жатат деген ишарат болсо, анын кесепети бул аймактагы өлкөлөр үчүн олуттуу болорун эскертти
Башкы прокуратура “Керемет Банкка” байланыштуу кылмыш ишинин алкагында УКМКнын эки кызматкери кармалганын билдирди. Кыргызстандык жана чет өлкөлүк журналисттер Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо боюнча петицияга кол чогултууда. Ташкентте Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев казак-өзбек чек арасын демаркациялоо келишимине кол коюшту.
Дүйнөлүк тарыхтын нугун өзгөрткөн окуя – СССР деген ири державанын ураганына 25-декабрда 31 жыл болот. 15 союздук республиканы бириктирип, калкы 290 миллионго жетип, Кытай, Индиядан кийинки эле орунда турган чоң өлкө туура 100 жыл мурун - 1922-жылы, 30-декабрда түзүлгөн.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциянын сакталышын кароо боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды. Украин президенти Владимир Зеленский АКШга иш сапары менен барып, Конгрессте кайрылуу жасады. Казакстандын презизденти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга барды.
Беларустун журналисттери Минск Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Евробиримдикке жыгач экспорттоп жатканын ачыкка чыгарышты. Турак жай кооперативдерине алдангандардын маселеси парламентте кайра каралды. Ыш Жалал-Абад шаарын да каптап жатат.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.