Кыргызстанда Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө. Биз ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ыраймысыз репрессия, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты.
Кыргызстан менен Орусия маалымат коопсуздугун биргелешип камсыздоо демилгесин көтөрүүдө. Кыргыз өкмөтүнүн элдин банктагы акчасын көзөмөлдөө демилгеси. Ирандагы соңку кырдаал. Кыргызстанда 12-декабрда Улуттук адабият күнү белгиленүүдө.
Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткандардын айрымдарынын камактагы мөөнөтү узартылды. Беш өлкөнүн медиа серепчилери Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына байланыштуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдошту. 9-декабрда Бишкекте ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өттү.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттардын суракка алынышы боюнча жумушчу топ түздү. Эртең Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталат. Бул иш-чарадан кандай жыйынтык күтүүгө болот? Иранда өкмөткө каршы нааразылыктар үчүн соттолгон демонстрант өлүм жазасына тартылды.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору чек арада дагы 17 чакырымдан ашык тилкени аныктоону макулдашты. Эл аралык валюта фонду жаңы баяндамасында Кыргызстанда жакырчылыктын көрсөткүчү өсүшү мүмкүн экенин билдирди.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Улуу көчмөндөр мурасы” мамлекеттик ишканасынын жоюлуп жатышы жана ага коротулган каражат тууралуу маселе көтөрүлдү. Монголиянын баш калаасында миңдеген киши нааразылыгын билдирип өкмөт үйүнө чабуул коюуга аракеттенди.
ВИЧ инфекциясына кабылгандардын айрымдары бул ооруга чалдыккандарга жардам берип жүрүшөт. Санжар менен Николай дискриминация, басынтуу жана дарт менен жашоонун оош-кыйыштарын айтып беришти. Ошондой эле ВИЧ инфекциясына байланыштуу "уламыштар" тууралуу, алдын алуу жолдору жөнүндө ой бөлүшүштү.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын айрымдарынын жакындары тергөө создукканына нааразы. Өспүрүм кыздын өлүмүнө шектелип кармалгандардын экөө Оштогу тергөө абагында каза болду. Жакындары алардын өз жанын кыйганына ишенбей жатышат.
Канткенде таштандыны полигонго жеткирбей толугу менен жок кылса болот? “Жашыл планета” түрмөгүндө Нидерланддын баш кааласы Амстердам шаарынын таштандыны иштетүү тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз. Кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов бул калаадагы таштандыларды кайра иштетүүчү AEB ишканасына барып келди.
12 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.