Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалгандардын экөө Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза тапканы белгилүү болду. Иранда уланып жаткан нааразылык акцияларында мерт болгондор 500гө жакындады. 10 айда "Кумтөрдөн" бюджетке 28,7 миллиард сом түшкөнүн Финансы министрлиги маалымдады.
Бишкектин Эркиндик булварында тынч митинг өткөрүүгө тыюу салууну сот мыйзамдуу деп тапты. Бүгүн майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү. "Азаттык" бир үй-бүлөдө беш адам майыптык түйшүгүн тартып келаткан ноокендик Калбаевдердин үйүнө баш бакты.
Дача СУ кырсыгын иликтеген коомдук комиссия ишин жыйынтыктап, кандуу жүк боюнча бүдөмүк жагдайларга чекит койгондой болду. Кыргызстанда журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк жүрүп жатат.
Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев сотто көрсөтмө берип, күбө катары президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Акматбек Келдибековду жана Талант Мамытовду чакырууну сунуштады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча мыйзамдарга кол койду. Бул документтерди колдобой койгон депутаттарга дагы деле кысым болуп жатканы Жогорку Кеңеште кайра айтылды.
Чычырканактын кыйылып, талкаланышы микроклиматка канчалык терс таасирин тийгизиши мүмкүн? Атбашылык экоактивист, чычырканактарды коргоп жүргөн Бегайым Мырзалиева менен ушул темада сүйлөшөбүз.
Жеңишбек 13 жашта болгону менен тулку бою үч жаштагы баладай. Дайыма төшөктө же кол арабада жатат. Баса да, отура да албайт. Салмагы болгону 12-13 килограмм.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбеталиев кетип, ордуна экс-депутат Бакытбек Жетигенов дайындалды. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы кандай иштеп жатат? Путин Орусия, Өзбекстан жана Казакстан менен бир союз куруу ниетинде. Ат-Башыда жайыттарды сактап калууну көздөгөн эко-активист тууралуу айтып беребиз.
Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы кабарланды. Бишкектеги Элдик курултайда "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин акчасын Кыргызстанга кайтаруу убадасы көтөрүлдү.
Спикер Шакиевдин райондордун аталышын кыргызчалаштыруу сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары "орус тилин кодулоо" деп баа берүүгө жетишти. Кыргыз коомчулугу муну "өлкөнүн ички ишине кийлигишүү" деп сыпаттап жатат. Кытайда карантинге каршы жапырт акциялар тутанды.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.