Орусия басып алган Мариуполду кайра курууга кыргызстандыктар жумушка тартылып жатат. Жамааттык коопсуздук келишими уюму жакынкы мезгилдеги максаты ич ара карама-каршылыкты жоюу экенин билдирди. Баткендеги чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кечигип жүрүүдө. Куруучулар буга аба ырайы себеп болуп жатканын айтууда.
Абакта ачкачылык жарыялаган активисттер Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын ден соолугу начарлаганы кабарланды. Президенттик администрация сунуштаган бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлөрү айтылды. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Азиз Мурадилаев 19-декабрда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын арасынан саясий ачкачылык кармагандардын абалы менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү таанышып чыкты. Кыйноолорду алдын алуу борбору билдиргендей, камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына 4 күн болду.
Кыргызстанда аптасына 9 миң болуп жаткан сасык тумоо бир күндө 9 миңден ашты, мектептердин баары убактылуу жабылды. Түркиянын ири шаары Стамбулдун миңдеген тургундары камакка алынган мэрин колдоп экинчи күн катары менен митингге чыгышты. Улуттук банк Баткенде көчмө жыйын өткөрдү.
Бишкекти каптаган ыш маселеси парламентте талкууланды. Кыргызстан БАЭнин порттору аркылуу деңизге чыгууга шарт түзүлгөнүн жарыялады. Мариуполь шаарын калыбына келтирүү иштерине казакстандыктар да тартылмай болууда. Кыргызстанда соңку бир нече күндө үй-бүлөлүк зомбулуктан үч келин каза болду.
“Азыркы кыргызстандык” подкастында Таш-Көмүр шаарында жаштардын, жалпы эле окурман талабына жооп берген коомдук китепкана ачам, ошону менен аң-сезимди өзгөртөм деген Чыңгыз Урматалиев менен баарлашабыз. Коворкинг деген эмне? Жаштардын талабына жооп берген китепкана кандай болот?
Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын айрымдары каршылык иретинде абакта ачкачылык жарыялашты. Азаттыктын толук иштешине шарт түзүү керек экенин айткан 120дан ашуун белгилүү ишмер президентке кайрылуу жолдоду. Түркмөн газын Европага алып баруучу газ коридорун ачуу маселеси талкууланды.
Дүйнөдөгү эң кир шаарлардын сап башында турган Бишкекте ыш маселеси кайрадан башкы көйгөйгө айланды. "Азаттыктын" кабарчысы борбордун Алтын Казык, Калыс-Ордо жаңы конуштары менен Төмөнкү Ала-Арча айылдарындагы кырдаалды айтып берет.
17 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.