Наристенин өлүмүнөн кийин камакка алынган дарыгерлер үй камагына чыгышты. Кыргызстанда мас айдоочуну күбөлүктөн ажырата турган мыйзам парламентте кабыл алды. Казакстандагы Январь окуясына бир жыл болду. Маданият министрлигинин ырчыларга фонограма менен ырдоого тыюу салган буйругу ача пикири жаратты.
Орусиянын бир катар шаарларында украин жергесинде бир учурда набыт болгон орус аскерлерин эскерип, азы күтүп жатышат. Ошто “Альфанын" офицери менен бажы кызматкери чыгарган деген жаңжал иликтене баштады. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жааган калың кар жолдо кыйынчылык жаратты.
Украинада жаңы жылдын алгачкы күндөрү кармаш күчөдү. Ооганстанда талибдер аялдардын университетте окуусуна тыюу салгандан бери кыз-келиндердин нааразылык акциялары уланууда. Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу күндөрү тоо этегиндеги лыжа базаларында эс алуучу көп.
Бишкекте алты дарыгер наристенин өлүмүнө айыпталууда, алардын бешөө камакка алынды. Чаткалда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы боюнча маселе жаралды. Орусияда “Вагнердин” жалданма алты жоокерине издөө жарыяланды, алардын бири кыргызстандык экени кабарланууда.
Конституциянын, адам укуктарынын сакталышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Орусиядагы мигранттар жаңы талаптарга ылайык каттоого туруу үчүн кошумча түйшүккө туш болууда. Футбол күйөрмандары дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеле менен коштошууда.
Кыргызстанга орус рубли ташылып келип, доллар мүшөктөп чыгарылып жатканы, банктар быйыл болуп көрбөгөндөй киреше тапканы боюнча маселелер парламентте көтөрүлдү. Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашадан кийин бул күндөрү достук кездешүүлөрү уюштурулууда.
Кыргыз өкмөтү жыл жыйынтыгын чыгарган кеңири жыйын өткөрдү. Уюшма кылмышкерлерди калкалаган деген айып менен эки облустун милиция жетекчилери иштен алынды. Казакстандын президенти Токаевдин келерки жылды "Орус тилинин жылы" деп жарыялоо сунушу чоң талкуу жаратты.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баары камакта калтырылууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди сындаган блогерди сабап кетишти. Кыргызстанда Мамлекеттик өнүгүү банкы түзүлүп, анын башкармалыгын Орусиянын мурдагы жараны Евгения Судец жетектемей болду.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.