Элдик курултайдын экинчи күнүндө Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттерди бошотуу маселеси көтөрүлдү. Айрым делегаттар президент Садыр Жапаровду командасын тазалоого чакырып, жемкорлук менен күрөшүү акыйкат болбой жатканын айтышты.
Бишкекте камактагы оппозиция өкүлдөрүн бошотуу жана сөз эркиндигин коргоо талабы менен жөө жүрүш өттү. Элдик курултайдын биринчи күнүндө өлкө жетекчилиги отчет берди. Орусиялык саясат таануучунун «Украинадан кийин Казакстан” деген маанидеги сөзү казак коомчулугунун кескин сынына кабылды.
Жогорку Кеңеште депутаттар атайын кызматтын кысымына, жакындары болсо коркутуп-үркүтүүгө кабылып жатышканы айтылды. Коррупция тууралуу иликтөө жасап жүргөн журналист Болот Темиров мекенинен күч менен чыгарылды. Бул чыгарылышта мына ушул темаларга кайрылабыз.
Жемкорлукту ачык сындап келген иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыгарылып, аны сот залынан кармап кетишти. Орусиянын кыргыз-тажик мамилесиндеги соңку аракеттери. ЖККУ саммитинин тегерегиндеги окуялар. Жалал-Абаддагы кинолог адистердин иши.
Индонезияда зилзала 250дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Кыргызстанда бийлик ишкерлерди текшерүүнү бир жылга токтоткону жатат. Тажикстан менен Кытай аскердик машыгууну жыл сайын өткөрүп турууну макулдашты. Бишкекте Кыргыз эл акыны Омор Султанов эскерилди.
20-ноябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык саммити аяктады. Анын жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү макулдашылды. СОР27 саммитинин жыйынтыгы жөнөкөй кыргыз жараны үчүн эмне берет?
Атайын кызматтын башчысы менен айтыша кеткен депутат иш бөлмөсүнөн көчүрүлдү. Экс-депутат Канатбек Исаев абакта калтырылды. Казакстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоону азыркы президент утту. Сузакта кыздын өлүмүнө шектелип кармалган кишиге каршы акция өттү.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо айрым мыйзам бузуулар жана нааразылык акциялары менен коштолгону кабарланууда. Дүйнө калкынын саны 8 миллиарга жетти. Бишкекте айтылуу акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленди.
Өзбекстан менен чек ара такталгандан кийин эми Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын чечүүгө жакын арада киришерин айтууда. Ал арада Кемпир-Абад боюнча камакка алынгандарды бошотуу талабы кайрадан коюлуп жатат. Орусия Украинадагы согушта ээлеп турган жерлердеги позициясын коргоого басым жасоодо.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документ Жогорку Кеңеште колдоо тапты. Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши шаардык сотто карала баштады. Казакстанда президенттик шайлоого даярдык уланууда. Кыргызстанда кыздарды рак илдетине каршы эмдөө башталды.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.