Херсон облусунда украин армиясынын контрчабуулу аба-ырайынан улам жайлады. Орусия болсо өзөктүк күчтөрүнүн машыгуусун өткөрдү. Эркин маалымат каражаттары, журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен "Азаттыктын" сайтын эки айга жабуу чечимин артка кайтарууну талап кылды. Башаламандык уюштурууга шек саналып камалган 20дан ашык саясатчы, активисттердин жакындары бийликти аларды бошотууга үндөштү.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын эки айга жапты. Орусия Украинанын шаар-кыштактарына абадан сокку урууну улантууда. Жогорку Кеңеште жапырт камалган саясатчылар менен блогерлерге байланыштуу маселе көтөрүлүп, укук коргоо органдары маалымат берди.
Киев Орусиянын аба соккуларынан Украинанын энергетика тармагынын үчтөн бир бөлүгү кыйраганын билдирди. Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштурууга шек саналып кармалган 20дан ашык саясатчы, активисттер эки айга камалды. Кыргызстанда ЖМК өкүлдөрү, журналисттер Акыйкатчыга кайрылды.
Соңку бир суткада Украина күчтөрү Херсон облусундагы Орусиянын аскердик объектилерине 15 жолу чабуул койду. Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу айрым жарандар акция өткөрүштү.
Бишкекте коомдук транспорт кайрадан көйгөйгө айланды.
Путин Украинанын күч менен аннексияланган төрт аймагына аскердик абал киргизди. Парламентте депутаттар Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды.
Өкмөт Жогорку Кеңеште Баткенди калыбына келтирүү жана күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берди. Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү саат 2:10до төрөлдү. Бишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу жайы ачылды.
Юристтер жана укук коргоочулар Кылмыш кодексинин эки беренеси журналисттерге, активисттерге жана блогерлерге көп колдонулуп жатканын белгилешти. Орусиянын Ейск шаарында истребитель кулап, 13 киши каза тапты. ӨКМ баасы 280 млн сомдук тик учагын экс-депутат Азамат Арапбаевге ижарага бергенин ырастады.
Орусиянын Белгород облусунда аскердик полигондо теракт уюштурду делген тажикстандык жарандын тек-жайы аныкталды. Москвада иштеген мигрант Эхсон Аминзода кантип ал жерге барып калганы белгисиз. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырган комитеттин чечимине кол койбогон Чыңгыз Айдарбековду төрагалыктан кетирүү аракеттери жок эмес. Айдарбеков тиешелүү документтерди көрбөгөндүктөн келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин билдирди.
Бишкекте эркин ЖМКларды жабууну талап кылган пикет өттү. Орус армиясы Украинанын 40тан ашуун калаа жана айыл-кыштагына ракетадан сокку урду. УКМК 2010-жылы Ысык-Көлдөгү "Аврора плюс" пансионатынын аймагындагы коттеж- батирлердин соттун чечими менен жеке менчикке берилишин иликтеп жатканын билдирди.
21 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.