Айыптоочу тарап журналист Болот Темировду 5 жылга эркинен ажыратууну суранды.
Президент Владимир Путин жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялагандан кийин 21-сентябрда Орусиянын кырктай шаарында согушка каршы нааразычылык акциялары өттү.
Чек арадагы куралдуу жаңжалда Баткен районунун Достук айылы дээрлик толук кыйрап калган. Коопсуз жайларга качкан элдин документтери бекер калыбына келтирилмей болду. Орусияда президент Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады.
Баткен облусунда абал салыштырмалуу тынч. Чек арадагы кандуу окуяда Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөнүн президенттин Баткен аймагындагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. 140 миңден ашуун тургун коопсуз жерлерге эвакуацияланды. Жаңжалда ок тийген жети бала Бишкектеги ооруканада дарыланууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча куралдуу кол салуудан мерт кеткендердин саны 59га жетти. 163 киши жаракат алды. Тажик бийлиги 41 жараны өлгөнүн жарыялады. Курман болгон аскерлерди өлкөнүн ар кайсы аймактарында акыркы сапарга узатышууда. Президент Жапаров элге көңүл айтты.
Чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон аскерлердин сөөгү жерге берилүүдө. АКШда кыргызстандыктар митингге чыгышты. Орусиянын президенти Путин Кыргызстандын жана Тажикстандын лидерлери менен телефондон сүйлөшүп, чек арадагы кырдаалды талкуулады.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы от атышуудан кыргызстандык эки жоокер жарадар болду. Чек арада абал чыңалып турат. Азербайжан Тоолуу карабактагы этникалык армян күчтөрүн макулдашууну бузганы үчүн айыптады. Тенгиз Бөлтүрүк кечээ - 13-сентябрда камакка алынды.
Азербайжан менен Армениянын куралдуу күчтөрүнүн соңку кагылуушусунан кеминде 49 армян жоокери курман болду. Орусия “Кант” авиабазасы аркылуу Украинадагы согушка өз аскерлерин жибергени белгилүү болду. Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы Айдай Кочкорованын иши жакында сотко өтөт.
Жарым жылдан бери Орусиянын көзөмөлүндө турган Украинанын айрым айылдары бошотулду. Бир катар кылмыштары үчүн 7 жылга кесилип, Орусиянын абагында мөөнөтүн өтөгөнү айтылып жүргөн Рой Азимдин президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтү коомдо талкуу жаратты. Кыргызстандын спорт тарыхында биринчи жолу Акжол Махмудов эркектер арасында грек-рим күрөшүнөн Дүйнө чемпиону болду.
19 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.