Казакстан 1-декабрь белгиленип келген "Элбашы" күнүн расмий майрамдардын тизмесинен алып салмай болду. Саясатчы Бекназаров элчилик кызматтан Кумтөр боюнча пикирин билдиргени үчүн алынганын билдирди. Президент Жапаров бир тууганы чындыгында эле Түркиядагы алтын заводго барганын тастыктады.
Украинанын армиясы орус күчтөрүнө авиациялык, ракеталык жана артиллериялык чабуул жасап, элүүдөй түйүнүн талкалады. Парламент бийликтен Кумтөр кени боюнча отчёт талап кылууда. Кадамжайда окуучу кыздын өлүмүнөн кийин Жогорку Кеңеште педофилдерди өлүм жазасына тартуу сунушу айтылды.
Орусия кооптуу экенине карабай Украинадагы атомдук электр станция жайгашкан шаарды аткылап жатат. Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу жергиликтүү үч тургун кармалды. Президенттин кортежин коштоп жүргөн машиналардын арасында чопкутталган эки жолтандабастын пайда болушу талкуу жаратты.
Кабулда Орусиянын элчилигинин алдындагы жардыруудан эки кызматкер мерт болду. Болот Темиров сот отурумунда ага ачылган кылмыш ишин күч органдары уюштурганын билдирди. Баткен облусунун тургундары менен жолукканы барган бийлик өкүлдөрүнө чек ара, жер, жөлөк пул чегерүү боюнча суроолор берилди.
БУУ Шинжаңдагы окуялардан улам Кытай бийлигин "адам укуктарын одоно бузуп жатат" деп айыптады. Жогорку Кеңеште Кумтөрдүн алтыны боюнча маселе көтөрүлдү. Өлкө боюнча керектүү кийим-кече, окуу куралдары менен өз убагында камсыз болбой калган 453 окуучу бүгүн мектепке барган жок.
Украинанын түштүгүндө катуу салгылашуу жүрүп жатат. Сот блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, аны камакта калтырды. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековдун сот иши уланууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин эксперттер тобу Украинанын Запорожье атомдук электр станциясын көргөнү жөнөдү. Кумтөрдү Кыргызстан өз алдынча башкара баштагандан бери канча алтын өндүрүлдү, канчасы кайсы жакка кандай баада сатылды деген суроо талкууга түштү. Бишкек шаарынын казысы мамлекетке каттоого турбай жаткан мечиттердин имамдарына эскертүү берди.
Украинанын Запорожье атомдук электр станциясында биринчи жолу электр кубаты толугу менен өчүп калды. 33 жаштагы жаран Оштун тергөө абагында каза болду. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валюталарды көбөйтүүнү сунуштоодо.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн түштүк облустарында оккупациялык күчтөрдү сүрүп чыгаруу үчүн контрчабуул башталганын айтып, Орусиянын аскерлери аман калгысы келсе үйүнө кайтышы керектигин эскертти. Кыргызстанда өкмөт үйүнүн алдында камактагы активисттерди бошотууну талап кылган акция өттү. Мектеп директорлугуна сынактын алгачкы айлампасы жыйынтыкталды.
Орусиянын армиясы 24-августта Украинанын Днепропетровск облусундагы Чаплино айылына тийген ракеталык соккудан 25 киши набыт болду. Беларус Курманбек Бакиевди экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты. Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.
23 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.