Миңдеген кишинин өмүрүн алган Үркүн окуяларын эскерген жүрүш Бишкекте башталды. Донецк облусунда айыгышкан салгылашуу уланууда. Быйылкы жутта "Сары-Чат – Ээр-Таш" мамлекеттик коругунда, анын жака-белинде 786 кайберен өлгөн.
"Талибдер" Тажикстанга эскертүү берип, ички ишине кийлигишпөөгө чакырды. Расмий Киев Орусиянын командачылыгы аскерлерин Украинанын түштүгүнө тартып жатканын билдирди. Жанарбек Акаев Ош аэропортундагы такси айдоочулардын Өзбекстандын жарандарына жасаган мамилесине байланыштуу маселе көтөрдү.
Эл аралык инспекторлордун тобу Украинадан дан ташып келаткан алгачкы кемени текшерип бүттү. Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларына нааразы болуп, кыргыз бийлигине даттанышты. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайвандын президенти менен жолукту.
Кошмо Штаттар “Ал-Каиданын” анабашы, дүйнөдөгү эң кооптуу террорист атыккан Айман Завахири жок кылынганын билдирди. Кыргызстанда 1-августтан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү. Казакстандын Алматы шаарында Украинаны колдоо концерти өттү.
Украинанын Одесса шаарынан дан жүктөлгөн алгачкы кеме жолго чыкты. Боом капчыгайынын Ысык-Көл тараптагы чыга беришинде 1-августта кайрадан сел жүрүп, унаалардын тыгыны пайда болду. Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.
Еврошаркет Украинанын Винница шаарындагы жарандык объектилерге жасалган ракеталык соккуларды “өтө катуу мүнөздө” деп айыптады. Сокулук районунда майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды эркиндикке коё берген судьялар чечимди иштин мөөнөтү менен түшүндүрүштү. 300 кыргызстандыкка Жапонияда иштөөгө жол ачылды.
3-июлда Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Стамбулда жолугуп, Кара деңизде кармалып турган 22 миллион тонна украин данын экспорттоо боюнча жарым-жартылай келишимге жетишти. Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин башчысы катары экинчи ирээт өкмөттүн жыйынын өткөрдү. Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссия элден чогулган акчанын бир бөлүгү 2017-жылы республикалык бюджетке жана Социалдык фондго которулганын аныктады.
Киев экспорттогон дан эгиндин, башка азыктардын тартыштыгы дүйнөнүн булуң-бурчунда баалардын кымбатташына, кризиске алып келди. Жаңы окуу жылына чейин миңге чукул мектептин жетекчиси алмашат. Алардын алды 41 жыл иштеген.
"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси камакка алынды. 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук жараян жабык өттү. Соттук-медициналык экспертиза Казакстандагы Январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгенин аныктады.
Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрү берген артиллерия орус аскерлерине каршы согушта чоң натыйжа көрсөтө баштаганын айтты. Өлкөдө накталай доллар тартыш болуп, банктар аны сырттан алып келүүдө. Кыргызстанда айрым судьялар өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш иштерин кароодо жеңил берене менен айыпталуучуларды жазадан бошотуп жиберген учурлары көп учурап жатканын Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди.
20 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.