Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жаңылыктар | 22.06.2022 | Кызуу талаштан кийин казино мыйзамы кабыл алынды - Июнь 23, 2022
    Ооганстандын чыгышында күчү алты баллдан ашкан жер титирөө болуп, миңге чукул киши каза тапты. Жогорку Кеңеште кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүдө талаш жаралды. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге каршы арыз менен кайрылды.
    23 min
  • Жаңылыктар | 21.06.2022 | Украина: Лисичанск менен Северодонецк бомбаланууда - Июнь 21, 2022
    Орусиянын күчтөрү соңку бир күн ичинде Луганскидеги Северодонецк жана Лисичанск шаарларын байма-бай бомбалады. Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев убактылуу болсо да кызматтан кетпей турганын айтты. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин төрагасы Тенгиз Бөлтүрүккө жаңы кеңсеге макулдашпай көчкөнү үчүн эскертүү берилди.
    19 min
  • Жаңылыктар | 20.06.2022 | Орусия Северодонецкиде аба соккуларын улантып жатат - Июнь 21, 2022
    Орусия Северодонецк шаарына көзөмөлүн толук орнотуу үчүн аба чабуулдарын улантууда. Он күн ичинде УКМКнын тергөө абагында жаткан эки адам каза болду. Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү “Мекен карт” ишке кирди.
    20 min
  • Жаңылыктар | 16.06.2022 | “Ихсан” турак жай кооперативине нааразылык күчөдү - Июнь 16, 2022
    Франциянын, Германиянын жана Италиянын лидерлери Киевге келди. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты, Баш прокурор Курманкул Зулушев болсо кайрадан кызматына киришти. “Ихсан” турак жай кооперативине акчасын салып, кайра кайтарала албай жаткандар ишкананын Бишкектеги кеңсесинде соңку 3 күндөн бери топтолуп жатышат. Алмазбек Атамбаев Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана түркиялык он адамга Кыргызстандын жарандыгын берди деген эки иш боюнча соттон акталды.
    22 min
  • Жаңылыктар | 8.06.2022 | Сабалган жоокердин абалы оор - Июнь 16, 2022
    Украина куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аскерлер Северодонецк шаарын “эрдик менен коргоп” атышканын билдирди. Табарсыгы жарылып кеткенге чейин сабалган жоокердин ишин аскер прокуратурасы иликтей баштады. Temirov LIVE каналынын журналистинин интимдик видеосунун таралышы боюнча иш кайра каралат.
    21 min
  • Жаңылыктар | 15.06.2022 | Северодонецкидеги айыгышкан кармаш - Июнь 16, 2022
    Украинада эки кыргызстандык каза тапты. Депутат Жанарбек Акаев абактарды "криминал менен акча башкарып калганын" айтып, жабык мекемелерди "радикалдуу түрдө реформалоо керектигин" белгиледи. Депутат Атазовго каршы акцияга чыккандар анын мандатын тапшырууну талап кылышты.
    23 min
  • Жаңылыктар | 14.06.2022 | Украинанын күчтөрү Северодонецкиде артка чегинди - Июнь 13, 2022
    Украина күчтөрү кандуу кармаш жүрүп жаткан Северодонецк шаарынын борбордук бөлүгүнөн артка чегинүүгө аргасыз болушту. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров майда дүкөндөргө ККМди коюуну убактылуу токтотуп турарын билдирди. Кыргызстанда желим баштык колдонууга тыюу салуу сунушталды.
    20 min
  • Баткендеги музей кантип түптөлгөн?
    Баткендеги мындан төрт жыл мурда иштей баштаган алгачкы музейди үч тарых мугалими негиздеген. Алар эл аралап эки миңден ашуун экспонаттарды кантип чогултушканын "Азаттыкка" айтып беришти.
    11 min
  • Жаңылыктар | 10.06.2022 | Акыйкатчы: Адам укуктарын сактоо аксап жатат - Июнь 11, 2022
    Украинанын Северодонецк шаары үчүн айыгышкан салгылаш уланууда. Калаада суу жок, гуманитардык кризис жайылууда. Киев майданда күнүнө 100-200гө чейин аскерин жоготуп атканын билдирди.
    2010-жылдын Июнь окуясына 12 жыл болду. Улут аралык жаңжалдан ырасмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жаракаттарды алган. Бүгүн окуянын курмандыктары Ошто эскерилди.
    Абактан Бишкектеги №1 шаардык ооруканага которулган саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда өзүнө келбей каза болду. Ал жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип былтыр апрелде камалган. Казакбаевдин өзү аны айыпты мойнуна алган эмес.
    23 min
  • Жаңылыктар | 9.06.2022 | БУУ: Украинадагы согуштун таасири 1,6 млрд. адамга тиет - Июнь 09, 2022
    Украинадагы согуштан улам дүйнөдө ачарчылык жана жакырчылык күчөшү ыктымал. 8-июнда Улуттар уюмунун баш катчысы Антониуо Гуттериш согуштун кедергиси 1,6 миллиард адамга тиерин белгиледи.
    Кыргызстандын мектептерин быйыл 67 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат. Келечекте алар каалаган адистиктердин катарында IT инженериясы менен байланыштуу жаңы технологиялар кызыгуу жаратууда.
    Парламентте мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго тиешеси бар делген Бишкектеги жер тилкесинин маселеси көтөрүлдү. Айрым депутаттар Үсөнов 20 гектарды бекер алганын билдирип, аны мамлекетке кайтарууну талап кылышууда.
    24 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners