Орусиянын армиясы Украинадагы сексуалдык зордук-зомбулукту токтотушу керек. Акыйкатчыга жардам сурап кайрылгандардын көбү милиция, прокуратура, сот органдарына нааразы. Базар-Коргон райондук калкты тейлөө борборуна документ бүткөрүүгө келгендер кезекке түнкү саат үчтөн баштап турат.
Украин армиясы айыгышкан кармашта Северодонецк шаарынын тең жарымын өз көзөмөлүнө алды. Орусия бул шаарды толук ээлеш үчүн күч үрөп жатат. Президент Зеленский согуш тилкесине барып, жоокерлерге жолукту. Казакстанда Конституция өзгөрдү. Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө калың кар малчыларды түйшүккө салды.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан Кыргызстандын эки аскери жараат алып, облустук ооруканага жаткырылды. Орус армиясы апрелде Киевдин тегерек четинен чегинип, болгон күчүн өлкө чыгышына салган. Башкы прокуратура министр Алымкадыр Бейшеналиевге жети кылмыш ишин козгоду.
Украин президенти Владимир Зеленский майданда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып атканын айтты. Орусия да чоң жоготууларга учураганын мойнуна алганы менен Кремль так санын айта элек. Жогорку Кеңеште УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаров кайым айтышты.
Украинанын Северодонецк шаарынын басымдуу бөлүгү орус армиясынын көзөмөлүнө өттү. Башкы прокуратура “Июнь окуясы” боюнча козголгон кылмыш ишинде Алмазбек Атамбаевге айып такты. Кыргызстанда “Сапат” билим берүү мекемесин негиздеген Орхан Инандынын табышмактуу жагдайда жоголгонуна бир жыл болду.
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Дерзуд айылынын беш тургуну өлтүрүлдү. Орус армиясы Украинанын Северодонецк шаарынын борборуна жакындады. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карыларды дарылоо жайына айланарын билдирди.
Орусиянын армиясы Украинанын Лиман шаарын алып, Северодонецктин борборуна жакындап келатат. Кыргыз-казак чек ара бекетинде кайрадан жүк ташуучу автоунаанын узун кезеги пайда болду. Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинде экологиялык кырсыктар болушу ыктымал экенин четке какпайт.
Орус армиясы Украинанын Севередонецк шаарын тынымсыз аткылоодо. Саламаттык сактоо министрлигинде үч бөлүм башчы иштен алынды. Бишкекте шекер тартыш болуп, бир килограммы 90-95 сомго чыкты.
Украинанын чыгышындагы Луганск облусунда айыгышкан салгылаш уланууда. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкектеги сапарынын жыйынтыгында 13 документке кол коюлду. Сузакта орто мектепте мугалим окуучу кызды сабаганын милиция териштире баштады.
Украинанын чыгышында айыгышкан салгылашуулар уланууда. Бишкек шаардык соту «Кумтор Голд Компани» ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн буга чейин салынган доону жокко чыгарганы жарандык активисттердин нааразылыгын жаратууда. Алмазбек Атамбаев Бишкектеги ооруканага жаткырылды.
20 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.