Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы "атайын операцияда" бийлик айткандан алда канча көп адам набыт кеткени маалым болду. Эл аралык Кызыл Чырым комитети Мариуполдогу “Азовсталдын” аймагынан чыгарылган жүздөгөн согуш туткунун каттай баштады.
Тоолуу Бадахшандагы "антитеррордук операция" маалында 1 офицер курман болуп, он бири жарадар болду. Алексей Ширшовдун маселеси кайрадан Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Журналисттер Бишкектеги тарых музейинде 2016-жылы жүздөгөн экспонат күйүп кеткенин аныкташты.
Орусия Украинага басып киргенине туура үч ай болду. Кыргызстандын элчилиги Орусияда туугандарынын баласын багып жүрүп, зомбулукка кабылган 11 жаштагы кыздын укугун коргоо үчүн Москва облусунун полициясына, ошондой эле Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине тиешелүү чараларды көрүү үчүн кайрылды.
Тоолуу Бадахшандын бейрасмий лидери Мамадбокир Мамадбокировдун тажыясы болду. Москвада бала багып жүргөн тестиер кызды мекенине алып келишет. Temirov Live каналы милициянын Болот Темировду "кармоо операциясын" иликтеди.
БУУнун баш катчысы Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга тынчыздануусун билдирди. Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск аймактарында Орусиянын армиясы чабуулдарын күчөттү. Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура үч саясатчыга айып койду.
"Азовсталь" заводунда эки айдан ашуун камоодо турган 264 украин аскери чыгарылды. Жала-Абад облусунун Терек-Сай айылында эски мектептин шыбы урап түшүп, 16 окуучу, мугалим жабыркады. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочулары министрликтин алдына митингге чыкты.
Зеленский куралдуу күчтөр өлкө түштүгүндөгү чабуулдардын мизин кайтарууга камданып жатканын деп билдирди. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары анын кызматтан кетишин талап кылды. Германия Кыргызстандын 15 млн еврого чукул карызын кечти.
Орусия Түндүк Донец дарыясында бир топ аскердик техникасынан айрылды. Алексей Ширшовдун окуясынын улам бир жаңы өңүтү чыгып жаткан тапта өкмөт “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “Дастан” баштаган мамлекеттик ишканаларды Санарип өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берди.
Орусиянын армиясы Украинанын Запорожье жана Новгород-Северский шаарларына сокку урду. Максим Бакиевге тиешелүү болуп, кийин улутташтырылган Ала-Арча-1 мамлекеттик резиденциясынын жанындагы коттедждер комплексинде курулуш кайра жанданды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьковдун жака белиндеги төрт кыштак орус армиясынан бошотулганын билдирди. “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси, коррупцияга айыпталып кармалган Алексей Ширшов үй камагына чыкты. Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери сотко өттү.
20 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.