Путин Мариуполдогу "Азовсталга" чабуулду токтотууну буюрду. Бирок заводдун айлана-тегерегин "чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү" тапшырды. Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип, Азия чемпиону аталды.
20-апрелдин таңында Орусиянын күчтөрү "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну улантты. Жогорку Кеңеш 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын бекиткен мыйзамды кабыл алуудан баш тартты. Өкмөт сырттан ташылып келген байланыш аппараттарын милдеттүү каттоону сунуштады.
Орусиянын армиясы Украинанын чыгышында «агрессивдүү аракеттерин» баштады. Өкмөт бекиткен “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору ишке аша элек. Кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болушту.
"Москва" кемесинин чөгүп кетишине байланыштуу ар түрдүү версиялар айтылууда. Бишкектин "Тазалык" ишканасынын жумушчулары иш таштады. Машинанын маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин акы төлөп караңгылатып алууга уруксат берилди.
Орусиянын Кара деңиздеги «Москва» кемеси өрттөнүп, курал-жабдыктын баары жарылды. Бишкекте Тажикстандын элчилигинин алдында он чакты активист нааразылык акциясына чыгышты. Бүгүн өзбек-кыргыз фондунун ачылышы өттү.
Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" Кумтөр кени боюнча "Центерра Голд" менен түзүлгөн келишимден баш тартууга бийликти чакырды.13-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден орус армиясынын Украинадагы аракеттерин алгачкы жолу «геноцидге» теңеди.
Чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча Орусиянын күчтөрү Донбасска чабуулга аттанышты. Бүгүнкү сот отурумунда 2020-жылдын Октябрь окуялары боюнча соттолуп жаткандарга айыптары угузула баштады. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев нааразылыгын билдирип, судьянын талабы менен сот залынан чыгарылды. Кыргызстандыктар бүгүнтөн тартып Казакстанга чек арадан тоскоолдуксуз өтө баштады.
Украина Орусиянын шарттарын четке каккандан кийин Кремль Донбассты алууга умтулууда.“Азаттыктын” каарманы, аутизмдин белгилери бар үч эм уулдун энеси Жаңылкан Даирбековага Бишкектен үй берилмей болду. Орусия Бишкек-Самара, Бишкек-Новосибирск поезд каттамдарына уруксат берди.
Украинанын бийлиги орус армиясы Донбасста жаңы чабуулдарга камылга көрүп жатканын билдирди. Токсонго жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына бүгүн 12 жыл болду. Казакстан 11-апрелден тартып Кыргызстан менен чек арасын ачат.
28 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.