Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жаңылыктар | 23.03.2022 | Мариуполдо 100 миңдей киши курчоодо калды - Март 23, 2022
    Украинанын Мариупол шаарынын 100 миңдей тургуну курчоодо турат. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский 22-мартта билдирди. Кыргызстан быйыл Кумтөр алтын кенинен 500 миллион доллар киреше табууну көздөп жатат. Украинада каза болгон теги кыргызстандык 20 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Кыргызстанга келе элек.
    19 min
  • Жаңылыктар | 22.03.2022 | Байден Орусия химиялык курал колдонушу мүмкүндүгүн эскертти - Март 22, 2022
    Украина президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу максатында Орусиянын башчысы Владимир Путин менен “кандай форматта болбосун” жолугууга даяр экенин айтты. Кыргызстанда туулуп, орус жарандыгын алган 19 жаштагы жигит Украинадагы согушта каза болгону ырасталды. Сот Бишкектеги орус элчилигинин алдына согушка каршы акцияга чыккан укук коргоочуларды айыпка жыкты.
    20 min
  • Жаңылыктар | 18.03.2022 | Украина: Львовго катуу сокку урулду - Март 18, 2022
    Украинада Львов шаарына сокку урулууда. Чабуул Киевде да күч алды. Оштогу Карл Маркс орто мектебинин эки окуучу кызы көп кабаттуу үйдөн бой таштады. Улуу Британия кыргызстандык эмгек мигранттарына эшигин ачты.
    20 min
  • Жаңылыктар | 17.03.2022 | Өзбекстан Донбасстагы жикчил аймактарды тааныбайт - Март 17, 2022
    Кыргызстанда туулуп, Орусиянын жарандыгын алган кыргыз жигит Украинада орус армиясынын катарында каза болгону тууралуу маалымат тарады. Борбор Азиядан алгачкы болуп Өзбекстан Украинанын аймактык бүтүндүгү боюнча позициясын ачык жарыялады. Кыргызстанда Аксы окуясынын 20 жылдыгы эскерилди.
    22 min
  • Жаңылыктар | 16.03.2022 |Орусия Киевге чабуулун күчөттү - Март 16, 2022
    Орусия аскерлери Киевге чабуул коюу астында борбор калаанын кан жолдорун кесип, логистикасын талкалоону көздөп жатат. Кандуу салгылаштар Мариуполь, Харьков, Николаев баштаган бир катар шаарларда уланууда. 
    Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкка кайрылып, өлкө супер президенттик башкаруудан кайтышы керектигин билдирди. Токаев өзү төрагалыгынан баш тартып жаткан мурдагы "Нур Отан", азыркы "Аманат" партиясынан акимдер менен министрлер да чыгышы керектигин айтты. 
    Ошто “каржы пирамидасын” түзгөн деген шек менен S-LINE кооперативинин жетекчиси кармалды. "Сейф бизнес" тармактык бизнесин түзгөн бул адам 24 кишиге 40 миллион сом карыз экени айтылууда.
    21 min
  • Жаңылыктар | 10.03.2022 | Украинада орус армиясы төрөт үйүнө сокку урду - Март 10, 2022
    Кара деңиздин жээгиндеги Мариуполь шаарында төрөт үйүнө жана балдар ооруканасына орус армиясы сокку уруп, андан кеминде үч киши набыт болду. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында курал колдонгон чыр-чатак катталды. Өкмөт Кыргызстанда доллар менен насыя алгандарга жардам берет.
    23 min
  • Жаңылыктар | 9.03.2022 | Бензин кымбаттайт. Доллар 100 сомдон ашты - Март 09, 2022
    Орусиянын Украинага кол салганына 14 күн болду. Орусиядагы каатчылыктын эпкини Кыргызстанга да тийип, бир АКШ доллары 100 сомдон ашты. Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген жок.
    23 min
  • Жаңылыктар | 7.03.2022 | Украина: 1.5 миллион качкын Европага агылды - Март 07, 2022
    Орусиянын кол салуусунан Украинада үй-жайын таштап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон адамдардын саны бир жарым миллионго жетти. Ырасмий Киев Орусияны гуманитардык коридор боюнча айыптады.
    “Улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгон Next TV телеканалынын журналисттери жана эсепчиси Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берди. Каналдын директору эки айга камалды.
    Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл бекеттеринде товар өткөрүүнүн көлөмү коронавирус пандемиясына чейинки мезгилге жетти. Пандемияга байланыштуу бул бекеттерде жүк ташуу дээрлик токтоп, былтыр жыл аягында жанданган.
    21 min
  • Жаңылыктар |3.03.2022| Украинадагы согуш: эки тарапта тең курмандыктар көп - Март 03, 2022
    Орусия Киев баш болгон Украинанын бир катар ири шаарларын бомбалоону улантып жатат. Согуштук аракеттерден улам Украинада чет мамлекеттерге качууга аргасыз болгондордун саны миллиондон ашты.
    Украинадагы абалга байланыштуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги өлкөнүн Куралдуу күчтөрү чет мамлекеттерде кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу мүмкүн деген божомолдорду четке какты.
    Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоого бөлүнгөн 772 миллион сомдун 520 миллион сому кайда сарпталганы белгисиз экенин вице-мэр билдирди. Бөлүнгөн каражаттын 250 миллион сомунун гана жумушу жасалган.
    23 min
  • Жаңылыктар | 2.03.2022 | Киев курчоодо, Харьковго сокку урулууда - Март 03, 2022
    Орусия Украинанын бир катар шаарларына сокку урууда. Украин кризисинин айынан Кыргызстандын дары-дармек базарында кырдаал оорлоду. Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы Кыргызстандын акыйкатчысы кылып шайлады.
    22 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

35 Listeners