Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Өмүрзаков: «Дания Украинадагы кырдаалдан улам келишимди токтотту»
    Бийчи Атай Өмүрзаков Фейсбуктагы баракчасына Даниядагы өнөктөшү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди. Өмүрзаков мындай билдирүүнү социалдык тармактардагы баракчаларына жазды. Бул кырдаал боюнча бийчи «Азаттыкка» маек курду.
    3 min
  • Жаңылыктар|1.03.2022 |Зеленский Кыргызстандагы элчини кеңешүүгө чакырды - Март 01, 2022
    Беларустун чек арасындагы 65 чакырымдык узундукка созулган орус аскердик техникаларынын колоннасы Украинанын Киев шаарына бет алды. Украинанын экинчи чоң шаары Харьков орус армиясынын соккусуна дуушар болуп, ондогон адамдар курман болушту.
    Стамбул шаардык соту Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шек саналып кармалган 7 кишиге өкүм чыгарды. Ага ылайык айыпталгандардын үчөө “Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузган” деген берене менен өмүр бою эркинен ажыратылды.
    Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты. Өлкөнүн негизги банкы 2022-жылы инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз менен кармап туруш керек деп эсептейт.
    21 min
  • Жаңылыктар | 25.02.2022 | Орусия армиясы Киевдин босогосунда - Февраль 25, 2022
    Орусиянын армиясы Украинанын борбору Киевге чабуулун күчөттү. Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыровго жер тилкесин менчикке чыгаруу чечими боюнча 2006-жылы иш козголгону тууралуу маалымат чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, 12 окуу жайды жабуу чечимине келди.
    20 min
  • Жаңылыктар | 24.02.2022 | Орус-Украин согушу. Доллар куну. Жаңы мэр - Февраль 24, 2022
    Орусия Украинада аскердик операциясын баштады. Украин президенти муну кол салуу, согуш катары баалады. Айрым маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза таап, жарадар болгондор бар. Ал арада Кыргызстандын парламентинде Украинадагы кыргыз жарандарына жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Украинадагы окуялардан улам Кыргызстандагы коммерциялык банктарда орус рубли арзандап, доллар кескин кымбаттады. АКШ долларынын курсу 85 сомдон 95ке жетти. Бишкекте шаар башчысы алмашты. Айбек Жунушалиевдин ордуна жаңы мэр болуп 63 жаштагы ишкер Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.
    23 min
  • Жаңылыктар | 22.02.2022 | Путин Украинага аскер киргизди - Февраль 22, 2022
    Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп аталган аймактарын көз карандысыз мамлекет катары тааныды. Ага удаа президент Владимир Путин бул аймактарга орус аскерлерин киргизүүгө буйрук берди. Кремлдин мындай аракетин Батыш кескин сындады. Кыргызстанда мугалимди шылдыңдагандарды жазага тартууну сунуш кылышты. Эгер Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбоору жактырылса, окуучуга же ата-энеге 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин айыппул салынып, 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Президент Садыр Жапаров дыйкандарды жеңилдетилген шартта алган насыяны максаттуу ишке жумшоого чакырды. Мамлекет башчы белгилегендей, бийлик былтыр тапкан таза кирешени дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя түрүндө бермей болду.
    22 min
  • Жаңылыктар | 21.02.2022 | Байден менен Путин жолукмакчы - Февраль 21, 2022
    Мугалимдердин айлыгын жана пенсиясын көбөйтүү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. 30-40 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер айына 8-9 миң сом алышууда. Украинанын чыгышында атышуу кескин көбөйдү. Украин кризисин талкуулоо үчүн АКШнын жана Орусиянын президенттери жолугууга макул экенин билдиришти. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн Москвага сапарынын алкагында кыргызстандык мигранттардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн Бишкекте Орусиянын миграциялык борборун ачууну сунуштады. Быйыл Орусияда миграциялык эрежелер катуулап, каттоодон өтүү мурдагыдан оорлоп кеткен.
    21 min
  • Жаңылыктар | 17.02.2022 | Оң рулдуу машинелерге уруксат берүү сунушталды - Февраль 17, 2022
    Былтыр Тажикстандын Согд облусунда эле чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен 39 кыргызстандык соттолгон. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө убактылуу уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Январь калабасында кармалгандар кыйноого кабылганы боюнча Казакстандын башкы прокуратурасына 360дан ашуун арыз түштү.
    22 min
  • Жаңылыктар | 16.02.2022 | Украина: НАТО менен Орусиянын ишеним чекити - Февраль 16, 2022
    Москва Украинанын айланасындагы айрым аскердик күчтөрүн артка кайтарганын билдиргени менен, НАТО буга ынанбай турат. Орусияда мигранттарга коюлган талап-шарттар катаалдашып кетти. Баткенде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтун отуруму өттү.
    23 min
  • Жаңылыктар | 14.02.2022 | Казакстанда эл кайрадан митингге чыкты - Февраль 14, 2022
    Травматология жана ортопедия илимий борборунун директорлугуна Памир Муратов дайындалганы белгилүү болду. Казакстанда Январь окуяларында кармалып, кыргыз бийлиги бошотуп келген Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновдун иши коңшу өлкөдө “кыйноо” беренеси менен тергеле баштады. Казакстанда январдагы калабанын 40-күнүндө эл кайрадан митингге чыкты.
    24 min
  • Жаңылыктар | 11.02.2022 | Экс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалды - Февраль 11, 2022
    Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев эл арасында өкмөт алмашары тууралуу кеп-сөздөр жүрүп жатканын айтып, “Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөткө иштээрин” билдирди. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев 2 млн доллар алдамчылыкка шектелип кармалды. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Европа эң кооптуу кырдаалга туш келгенин эскертти. Орусия 100 миңден ашуун жоокерин аскер техникасы менен Украинага жакын жайгаштырып, Беларуста ири машыгуу өткөрдү.
    19 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

35 Listeners