АКШ президенти Жо Байден Украинага курал-жарак берүүнү жеңилдетүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Мурдагы президент Бакиевдин уулунун өнөктөшү, энергетика тармагындагы жемкорлукка байланыштуу аты чыккан Алексей Ширшов кармалды. Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн жана каржылык маселелерин Эсеп палатасы текшерип, эки айдан кийин элге маалымат берет.
Москвада Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага кол салууну “зарылчылык” катары мүнөздөдү. Кыргызстандыктар Улуу Жеңиштин 77-жазын майрамдоодо. Мындан беш жыл мурун 40ка жакын кишинин өмүрүн алган Дача СУ окуясын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлөт.
Орусия “Азовсталь” заводунун ичинде калган жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн үч күнгө ок атууну токтоторун жарыялады. Кыргызстанда соңку күндөрдөгү табигый кырсыктан 1000ден ашык адам убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлдү. Өлкө толук президенттик башкарууга өткөнүнө бир жыл болду.
“Азовсталь” заводунун жер төлөсүндө баш калкалаган адамдар жана аскерлер эл аралык коомчулуктан жардам сурап жатат. Чек арада үч кыргызстандык Өзбекстандын чек арачыларынын огунан набыт болду.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш жүргөн маалда Киев Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылды. Кыргызстандын атайын кызматы Тажикстан Түркиядан “Байрактарды” сатып албаганын билдирди. Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө бүгүн белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинанын Буча жана Бородянка шаарларына барды. Орусия президенти Владимир Путин "аскердик операция" уланарын айтып, Батышты опузалады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканага түштү.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, Украинадагы абалды талкуулады. Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага барып, 2010-жылдын Июнь окуясына байланыштуу күбө катары сурак берди.
Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводунда миңдеген аскер жана жайкын тургундар орус армиясынын курчоосунан чыга албай турат. Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган 54 адамдын "Кумтөр Голд компаниден" кенемте төлөтүү тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартты.
Орусиянын армиясы Украинанын чыгышындагы бир катар шаарларга ракеталык сокку уруп, андан жыйырма чакты жайкын тургун каза болду. Кыргыз өкмөтү бир жумадан бери жүк ташуучу унаалардын чек арадан өтө албай турганына казак тарапты айыптады. Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы курула турган администрациялык имарат тууралуу маалымат таратты.
Орусия Украинага согуш ачкандан бери 5 миллион украин жараны өлкөдөн качып чыкты. Кыргызстандын санарип өнүгүү министри өлкөдө паспорт мафиясы күч экенин айтты. Өлкөдөгү ооруканаларда коронавирус жуктургандардын баары сакайып чыкканы үчүн "кызыл зоналардын” баары жабылды.
18 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.