Украин бийлиги Славянск шаарынын тургундарын шашылыш эвакуацияланууга чакырды. Нарындагы Жетим-Тоо кенинин казуу пландары жанданды. Сузакта 100дөй адам топурак карьеринин иштетилишине каршы митингге чыкты.
Орусия президенти Владимир Путин Донбасста аскердик операцияны улантууга буйрук берди. Зордукталган 13 жаштагы кыздын укугун коргоо акциясына чыккандар Ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Жыл аягына чейин Бишкек мэриясы 200 автобус сатып алат.
Каракалпакстанда нааразылык акцияларына катышкан 18 жаран каза таап, 516 жаран камалганы кабарланды. Токмок шаарында “карындашын коргоп, адам өлтүрүүгө” шек саналган Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды. Кой-Таштагы аскердик бөлүктө каза болгон 22 жаштагы Элдияр Жайлообековдун туугандары аны киши колдуу болду деп эсептешет.
Орусия армиясынын Одесса облусунунун түштүгүндө турак үйгө жана эс алуу лагерлерине урган соккусунан кеминде 18 киши набыт болду. Кыргызстанда тыюу салынган террористтик уюмга эки жыл ичинде 2 млн. рубль которгон Ош шаарынын тургуну кармалды. Аны менен байланышта болгон дагы эки жаран жоопко тартылды. Next TV каналынын штаттан тышкары кабарчысы Фейсбукка жазган билдирүүлөрү үчүн 48 саатка камалды.
Орусиянын аскерлери Кара деңиздеги Украинага таандык Змеиный аралынан чыгып кетишти. Жалал-Абадда шаурмага ууланган 23 адам ооруканага түштү. Бийлик "Манас" жана Ош аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөөдө.
Орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Француз тил сабактары” дүйнөнүн көп тилдерине которулган классикалык аңгеме. Чыгармада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор турмуш, окуучу менен мугалим ортосундагы өзгөчө мамиле көрсөтүлгөн.
Орусия армиясынын Кременчуг шаарындагы соода борборго урган соккусунан кеминде 18 адам набыт болду. Биринчи май райондук соту Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады. Министрлер кабинети жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишканаларды салыктан мөөнөтсүз бошотмокчу.
Дем алыш күндөрү Орусиянын армиясы Украинанын Киев баштаган ири шаарларына ракеталык сокку урду. Бишкекте жол боюнда кызыл чийинден чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү иштери башталды. Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздигин айтып, нааразылык акциясына чыкты.
Орус армиясы Украинанын Северодонецк жана Лисичанск шаарларын толук багынта албай, аларды курчоого алуу аракетин улантты. “Кумтөр Голд Компани” ишканасын укук коргоо органдары да текшерет. Мурдагы президент Атамбаев бийликтен адилеттүүлүк күтпөй турганын айтты.
19 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.