Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү бүгүн Ош аэропортуна жеткирилди. Бүгүн Украинанын туу күнү белгиленди. Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылынын тургундары "Үмүт жана КО" компаниясынын негиздөөчүсү Журат Абдуллаевди бошотууну талап кылып нааразычылык акциясын өткөрдү.
"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилиги алмашып, каржылык мыйзам бузуулардан улам эми кен катуу көзөмөлгө алынары айтылды. Украина бүгүн эгемендик күнүн белгилеп жатат. Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү туулуп-өскөн айылдарында жерге берилди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-август күнү өлкөнүн эгемендик майрамы алдында Орусия чабуулду күчөтүшү ыктымалдыгын эскертти. Орусиянын Ульяновск облусундагы кырсыктан каза тапкандарга байланыштуу 23-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Токмоктогу "Гавайи" эс алуу жайынын кожоюну, ишкер Журат Абдуллаевдин үйүн жана кеңсесин тинтүүдө 822 миллион сом табылды.
Кабулда мечиттеги жардыруудан 21 киши мүрт кетип, дагы 30дан ашуун киши жабыркаганы кабарланды. Ички иштер министрлигинин Оштогу аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер каза болду. Муфтият 2019-жылдан ушул кезге чейин ажылык сапарга акчасын төлөп, кезекке тургандардын каражатын кайтарып берет.
Украинанын чыгышында кармаш күч алды. Мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик менчикке өткөн үйлөрү балдардын реабилитациялык борборуна айланат. Кыргызстандын мунай ташуучулары Орусиянын заводдору дизелди эскпортоонун көлөмүн кыскартып жатканына тынчсызданууда.
Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы курал-жарак кампасында жарылуу болуп, жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жук ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Бишкек мэриясы аш-той, мааракелерди өткөрүү боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
“Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду басып алып, бийликке кайтып келгенине туура бир жыл болду. 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча соттук жараян башталды. Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерген жүрүш Жети-Өгүздүн Тосор айылында аяктады.
УКМК Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовскийди коррупцияга айыптап жатат. Орусиянын Пермь облусундагы өзбек диаспорасынын башчысы Украинадагы урушка аттанууну сунуш кылды.
"Алтын Казына" ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген 20 жаштагы жигит камалды. Түркиянын президенти Эрдоган Газа тилкесиндеги балдардын өлүмү үчүн Израилди айыптады. Украинанын президенти Владимир Зеленский Батышты орус жарандарын өз аймагына киргизбөөгө үндөдү.
13 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.