24 саатта Орусия Украинага 28 ирет ракеталык сокку урду. Араван районундагы Гүлбаар айылында Өзбекстан чек арадагы тосмолорду алып, зымдарды жыйнап жатат. Баткенди калыбына келтирүү иштери солгун жүрүп жатканы парламентте козголду. Кыргызстандагы убактылуу кармоочу жайлар талапка жооп бербейт.
Жогорку Кеңеште "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясына кирген, бир мандаттуу округдардан келген 14 депутат "Мекенчил" деген топко бирикти. Орусия Запорожье шаарына сокку уруп, бир нече адам мерт болду. Кыргызстанда журналисттердин ишин жөнгө салчу мыйзамдын ордуна жаңы долбоор сунуш кылынды.
Баткенде төрт мобилдик клиника иштеп жатат. Бишкектен барган 16 медициналык бригада жергиликтүү элге жардам берүүдө. Орусиянын мыйзамына ылайык, кош жарандыгы барлар орус жараны гана болуп эсептелет. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирди.
10-октябрда эртең менен Орусия Украинанын бир катар шаарларына тегиз ракеталык сокку урду. Ондогон тургун мерт кетти. Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Кыргызстан Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алмай болду.
Украин армиясы Херсон облусунда орус күчтөрүн артка сүрүп, ондогон айылды бошотту. Жогорку Кеңештин төрагасы алмашты. Чек арадагы соңку каргашада каза болгондордун саны дагы бир адамга көбөйүп, 63кө жетти.
Украин армиясы чыгышта бир топ аймакты бошоткондон кийин түштүктө да контрчабуулун улантып, Днепрди көздөй жылып баратат. Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдырына бушайман болгон эл менен өлкө жетекчилиги жолугушту. Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган дагы бир жаранга өкүм чыкты.
Кыргызстанда төрт министр кызматтан бошотулду. Эки министрдин үстүнөн кылмыш иши ачылган. Украинанын армиясы стратегиялык Лиман шаарын кайтарып алгандан кийин аскерлери Донецк облусундагы жерлерди бошотуп баратат. Бишкек шаардык соту Тенгиз Бөлтүрүктү 10-ноябрга чейин камакта калтырды.
29-сентябрда Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу 100дөй адам чогулду. Орусиянын бийлиги Казакстан, Грузия жана Финляндиянын чек араларына мобилдик аскердик комиссариаттарды коюп, аскердик каттоодо тургандарга чакыруу кагазын тарата баштады. Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды.
Бүгүн Баткенде чогулган тургундар бийликтен соңку протокол боюнча маалымат берүүнү талап кылышты. Акыркы аптада эле Орусиядагы мобилизациядан качып, коңшу Казакстанга жүз миңге жакын орусиялык келген. Камактагы 19 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиев Кардиология борборуна жеткирилди.
Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтери эки тараптан төрттөн чек ара постун алууну макулдашты. 26-сентябрга карата куралдуу кагылыштан кийин коопсуз жайларга көчкөн 92 521 адам өзүнүн үй-жайына кайтты. Орусиянын Иркутск облусунда согушка каршы чыккан жаран Зинин Руслан аскер комиссарын атып салды.
27 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.