Кыргызстанда милиция социалдык түйүндөрдө чагымчыл маалымат жарыялоого тыюу салынганын эскертти. Парламентте айрым депутаттар өлкөдөгү сөз эркиндиги маселесин көтөрүштү. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад маселесине байланыштуу парламенттик комитетте чечим кабыл алынганы менен талкуу токтой элек. Польшанын Украина менен чек арасына ракета түшүп, эки адамдын өмүрүн алган окуя НАТОнун ичинде бир топ дүрбөлөң жаратты.
15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөт аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды.
Стамбулда 13-ноябрда болгон жардыруудан 6 киши мерт кетти. Алардын арасында кыргызстандыктар жок. Учурда Түркиянын полициясы 46 кишини, анын ичинде бомбаны коюуга шектелип жаткан сириялык аялды кармады. Чек ара чырында үйү өрттөлгөн Баткендин жашоочулары үй салуу иштери жай жүрүп жатканын айтып, курулуш компанияларына нааразы болууда. Бийлик колдон келгенин жасап жатканын айтууда.
Бир ай мурда аскерге кеткен 18 жаштагы Айжигит Таалайбек уулу каза болуп, сөөгү үйүнө жеткирилди. Бишкек шаардык сотунда бир катар саясатчы, коомдук ишмерлердин бөгөт чаралары каралып, камакта калтырылды. Орус аскерлеринин Херсондон чыгып кетүү чечими эл аралык талкуунун чордонунда.
Шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп таап, бир катар активист, саясатчы, укук-коргоочуларды камакта калтырды. Украинанын чыгышында айыгышкан салгылаш уланууда. Биринчи каар жаап, көмүр издегендердин саны арбын. Кезек күткөндөр да аз эмес.
Пакистандын экс-премьер-министри Имран Ханга кол салуу болду. Ал бул үчүн бийликти айыптады. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевдин малга салык киргизүү сунушу кызуу талкууда. Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева "акча опузалаган" деген шек менен кармалганын милиция билдирди.
Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү чек арадагы Кемпирабад суу сактагычындагы суу ресурстарын биргелешип бшкаруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Украинанын Кара деңиздеги портторунан айыл-чарба продукциясын жүктөп чыккан жети кеме Европа жана Азиянын өлкөлөрүнө бет алды. Мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды.
Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабакка байланыштуу "күч колдонбоо" тууралуу макулдашууга кол коюшту. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жана парламенттин төрт депутаты башаламандык уюштурууга шектелип кармалган саясатчылар, активисттердин абалы менен таанышып чыкты. Журналист Семетей Талас уулун да милиция кармап кетти.
Кыргызстанда бир катар ЖМК, активисттер, таанымал инсандар "Азаттыкка" тилектештик билдирип, сөз эркиндигин коргогон акция өткөрдү. Эркин медиалардын жетекчилери президент Жапаровго кайрылды. Орусияда кармалган жарандык активист Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке жеткирилди.
24 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.