Сиз мандалак же жоогазындын Кыргызстанда канча түрү бар экенин жана анын канчасы "Кызыл китепке" киргизилип, мамлекеттин коргоосуна алынганын билесизби? "Жашыл планета" берүүсүндө ушул тема тууралуу сүйлөшөбүз.
Кыргызстандын Улуттук банкы акыркы эки жылда 46,7 тонна алтын топтогонун маалымдады. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бул алтынды сатып тышкы карыздан кутулуп койсо да болорун айтып, кыргыз бийлиги ал максатка ылайык эмес экенин билдирген.
Бул ирет биз белгилүү публицист, журналист, адабиятчы Эсенбай Нурушевди студияга чакырдык. Э.Нурушев радиодо жыйырма жылдай иштеген. “Азаттыктын” баш кеңсеси Прагада көп эмгек өтөгөн. Маекте башкаруунун формасы, бийликтин жоопкерчилиги, мамлекет куруунун тажрыйбасы, сөз эркиндиги тууралуу сөз болду
Жакында жоюла турган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы, беш айдан бери абакта отурган Тенгиз Бөлтүрүк президент Жапаровго кат жазып, кечирим сурады. Ал өкмөттө кимдир бирөөгө "тоскоол болуп жатса", Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин айтып, сөз ким жөнүндө экенин ачыктаган жок.
Жаңы санкциялар жарандык да, аскердик да тармакта колдонула турган товарлардын Орусиянын аймагы аркылуу ташып өтүүгө тыюу салат. Бул тизмеге дрон өндүргөн Ирандын да бир нече компаниялары кирген.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. Мындай чара ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет.
Украина бир жыл ичинде согушта жоготкон жарандарын эскерүүдө. Ал арада Орусияда "вагнерчилер" көрүстөнүндө кыргызстандыктар да көмүлгөнү аныкталды. Ат-Башыда аялдар үчүн финтес борбор ачылды.
Кыргыз-тажик мамилесиндеги соңку жараяндар. Казакстандын кыргызстандык мигранттарды кыйнаган жаңы эрежеси. Запорожьеде окоп казган мигранттар айлыгын ала албай кыйналууда.
Бишкектеги уруксаты жок кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети кайчы пикир жаратууда. Сузакта атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан берилди делген компьютерлердин айланасында талаш-талкуу кызыды. АКШ президенти Украинага басып кирген Орусия согушту жеңе албай турганын айтты.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.