Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында ачык талаада өрт чыктын. Аны өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылды. “Азаттыктын” ишин токтотуу арызды кароо экспертиза дайындалганына байланыштуу убактылуу токтоду. Францияда пенсиялык реформага каршы нааразылык акциялары жайылууда.
Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен саммит өткөргөнү жатканын, президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барарын бул өлкөнүн элчиси билдирди. Президенттин администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндөгү мыйзам долбоорунун төртүнчү вариантын сунуштады.
Адам убактысынын 85% имараттын ичинде өткөрөт. Кеңсе, мектеп, окуу жай же үйдө болобу, бөлмөдө өстүрүлгөн гүлдөр кишинин саламаттыгына жагымдуу таасир этерин, гүл багуу менен адам жан дүйнөсүн дарылай аларын окумуштуулар аныкташкан.
Адистер акыркы жылдары майыптыгы бар балдар көбөйүп жатканын айтышууда. Мамлекеттик "Жеткиликтүү өлкө" программасынын божомолу боюнча, 2020-жылдан бери майыптыгы аныкталган балдар жылына миңге арбып жатат. Бир үйдөн бир нече ден соолугунан мүмкүнчүлүгү четкелген балдар да төрөлүүдө.
УКМК Бажы кызматындагы коррупциялык схема аныкталганын жарыялады. Абакта киши колдуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүгө абак кызматкерлери да күнөөлүбү? Орусияда иштеп жүргөн бир үй-бүлөдөн эне жана кызы маңзат сатууга айыпталып кармалды. Бул окуя кыргыз парламентинде сөз болду.
СССР маалында "Азаттык" радиосу кантип уюшулуп калган, кимдер иштеп, угармандар кандай таасир алышкан? 1953-жылы радионун кандай түптөлүп, кансыз согуш жылдары кандай иштегенин "Азаттыктын" кыргыз кызматын негиздегендердин бири Азамат Алтай 2004-жылы октябрда Венера Сагындык кызына айтып берген.
Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегинди “Азаттыктан” кийин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргызстандын түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын сүрөгөн ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп иштеген. Аны менен радиодогу ишмердиги тууралуу маектештик.
Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен камалды. Алардын бири башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тууганы экени белгилүү болду.
Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият министрлигинин “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралды. Анда “Азаттыктын” жактоочулары доо арыз жазууга себеп болгон берүү жөнүндө баяндап, мыйзам бузулбаганын негиздеп беришти
20 жыл мал менен алектенип келген Ала-Бука районунун тургуну Абылкасым Рахманов акыркы беш жылдан бери баш оту менен багбанчылыкка киришкен. Тажрыйба издеп чет өлкөлөргө чейин барып дыйканчылыктын жаңы ыкмаларын ачып жаткан Абылкасым Рахманов тууралуу «Жашыл планета» түрмөгүндө кеп кылабыз
16 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.