Диплому жасалма экени көптөн бери айтылып, аны өзүлөрү четке кагып келаткан эки депутат боюнча чечим чыкты. Президент Садыр Жапаровдун тууганы коррупцияга шектелип кармалды. Украинадагы соңку кырдаал. Орусияда камакка алынган кыргызстандык мигрант аялдын көйгөйү.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он мүчөсүнүн үйү тинтилип, экөө камакка алынды. ЕККУуюму Бишкекте cөз эркиндигинин абалын талкуулаган эл аралык жыйын өткөрүүдө. Орусия Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасады. Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатынан ажырады.
"Мегаком" компаниясы сатыкка чыгарылды. Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча жумуш топторунун жолугушуусу башталды. Бозгундагы үч чечен активистинин апасынын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барган журналист ур-токмокко кабылды.
Өкмөт 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин улутташтырылган “Мегакомду” сатыкка койду. "Фейк" мыйзамын сунуш кылган мурдагы депутаттарга Европага виза бербөө сунушталууда.Грузиянын камактагы экс-президенти Михаил Саакашвилинин тарапташтары анын саламаттыгына тынчсыздануусун айтып чыгышты.
Аактивист Өндүрүш Токтонасыров улам милицияга суракка чакырылууда. Кыргызстанда баланын документине “атасынын аты” деген жерге апасынын атын жаздыруу боюнча талашка чекит коюлду. Украинадагы соңку кырдаал. Түркияда дайыны табылбай жаткан 20 жаштагы кыргыз кызды издөө иштери уланууда.
Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн биринчилерден болуп ачылган казино экс-депутат Арзыбек Буркановдун баласыныкы экени белгилүү болду. Ушул аптада Жогорку Кеңеш эс алууга тарайт. Ооганстанда “Талибан” кыймылы бийликке келген эки жылга чукул убакытта миңден ашуун тургун зомбулуктун курмандыгы болду.
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзам долбооруна автор болгон дагы бир нече депутат анын азыркыдай редакцияда кабыл алынышына каршы экенин билдирип чыгышты. Бүгүн, 26-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуулар уланды.
Орусиядагы куралдуу козголоң аракети жана бул окуянын ошол жакта жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарга таасири. Дүйнөлүк прессага баяндама. Кыргызстандагы археология илиминин азыркы абалы.
Орусиядагы аскердик төңкөрүш аракети. Кыргызстанда оппозиционер саясатчы Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берилди. Орусиядан көчүрүлүп алды деп укук коргоочулар айтып чыккан “чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзамдын тегерегиндеги талкуу.
Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат алды. Пакистан кемеде 209 жараны чөгүп кеткенин билдирди. Economist.kg басылмасы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун активдери бөгөттөлгөнүн жазып чыкты. Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам ЖК комитетинде 27-июнда каралат.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.