ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • Жаңылыктар | 07.04.2025 | Депутаттар машинеге муктажбы?
    Кыргызстанда 90го жакын адамдын өмүрү кыйылып, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуясына туура 15 жыл болду. Акыркы жылдары ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү тууралуу сөздөр көп айтыла баштады. Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган чабуулдан набыт болгондор 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Украин президенти Владимир Зеленский Москванын согушту токтотууга ниети жок экенин айтты.
    Президент Садыр Жапаров коомчулуктун нааразылыгын жараткан Жер кодексинин жаңы вариантын жеке менчикке залакасын тийгизет деген негиз менен артка кайтарды.
    21 min
  • "Көлгө келген ак куулар арпа-буудай жебейт "
    2007-жылы чаккан Кызыл китепке жоголуп бараткан канаттуулардын 50дөн ашык түрү кирген. Кийинки редакцияга андан да көп түрү кириши мүмкүн. Жаратылыштын индикатору саналган куштардын жоголушуна аңчылык, жайыт жерлердин какырап, айдоо аянттарынын көбөйүшү, көлмөлөрдүн соолуп, саздардын кургашы себеп экени айтылып келет. "Жер эне" подкастында орнитолог Сейитказы Сагынбаев Кыргызстанды байырлаган канаттуулар жана алардын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берет. Илимпоз менен кабарчыбыз Санжи Туйтунова баарлашты.
    26 min
  • Таңкы Азаттык
    "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат.
    1 hr
  • Азаттык: Кечки радио эфир | 06.04.2025 | Баткенде аскер кызматкери шеригин атып алды
    Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы бир аскер кызматкери жанындагы шеригин атып алган окуяны териштирип жатат. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башкы тарбия иштери башкармалыгы ок 5-апрелде Түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын аскер бөлүгүндө атылганын билдирди.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 05.04.2025| Орус күчтөрүнүн Кривой Рогго соккусунан кеминде 19 киши каза болду
    Орусиялык аскерлер Украинанын Кривой Рог шаарынын кичи райондорунун бирине 4-апрелдин кечинде баллистикалык ракета менен, андан кийин согуштук дрондор менен сокку урду. Шаар жайгашкан Днепропетровск облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, кеминде 18 киши каза болду, алардын 9у балдар. Жараат алгандар 61 киши. Дрон соккусунан дагы бир киши набыт кетти.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 04.04.2025 | "Жалаң байлар келет". Парламенттик шайлоо мыйзамы талкууда
    Өзбекстандын Самарканд шаарында алгачкы Евробиримдик-Борбор Азия тарыхый саммити өттү. Еврошаркет бул аймакка 12 миллиард евролук инвестиция карай турганын жар салды.
    Жалал-Абад облусунун аймагында милиция жана дин ишмерлери жаңы кабыл алынган “Дин мыйзамынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстандык таксист Эрнис Бердиев Москвада жүргүнчүлөрдүн зомбулуган кабылганын «Мигрант Медиа» долбооруна айтып берди.
    30 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…