ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • Тарыхый имаратка көз арткандар кимдер?
    Жакында эле Бишкектеги бир катар тарыхый архитектуралык имараттардын макамын алуу тууралуу сөз болуп жатканы социалдык тармактарда талкууга түштү. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, жыйын курган. Тарыхчы, архитекторлор, маданият ишмерлери буга каршылык билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылууда. Ал имараттардын шаар үчүн тарыхый – архитектуралык мааниси кандай? Урбанизация күчөп жаткан мезгилде шаарды тарыхый архитектуралык эстеликтерин жоготпой, кантип кеңейтүү керек? Шаардын жүзү, негизи эле шаар кандай болушу зарыл? Бул суроолорду Кыргыз эл жазуучусу, тарыхчы, президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу, белгилүү саясий жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, архитектор Ишенбай Кадырбеков, публицист, Президентке караштуу караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев менен талкуулайбыз.
    46 min
  • Кечки радио эфир | 21.02.2025 | Жети райондун акимин кызматтан алуу сунушталды
    Москванын соту Кыргызстандын жаранын "Крокус Сити Холлдо" теракт жасаган террорчуларды актаган" деп таап, үч жылга абакка кести. Кыргызстанда эми гана көрсөтүлө баштаган казакстандык чыгармачыл топтун "Рэкетир" тасмасы кинотеатрлардан алынды. ХАМАС радикал тобу Израилге өткөрүп берген эки ымыркайдын энесинин сөөгү башканыкы болуп чыкты.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 20.02.2025 | Жер кодекси: нааразы болгон жарандарга президент жооп берди
    Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча соңку талкуу тууралуу пикирин билдирди. Анда президент менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлктөр кол тийгис экенин билдирген. Жапаров жеке менчик жерлер жергиликтүү бийлик тарабынан текшерилип турушу керектигин айтып, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырды.
    20-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында кырктай адам чогулуп, президент Садыр Жапаровду Жер кодексине байланыштуу парламентте кабыл алынган жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Алар аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтып, президентке кайрылуу жазылган кагазга кол койгондон кийин тарашкан.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 19.02.2025 | Москвадагы “Сахарово” борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат
    Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери ал өлкөдөгү тийиштүү органдар менен бирге 18-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга ("Сахарового") барышты. Учурда ал борбордо 75 кыргызстандык (мунун ичинен жетөө аял) кармалып турат. Элчиликтин кызматкерлери укуктук кеңеш берип, суроолорго жооп беришти. Алар борбордун кармоо шартына нааразылыгын айткан эмес.
    30 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…