ЖЕР ЭНЕ

ЖЕР ЭНЕ

By ЭЕ/АҮEducationHow To
Download on the App Store

ЖЕР ЭНЕ episodes

  • "Мындан ары күн улам ысый берет"
    2021-жылдын жайындагы аптап кыргызстандыктарды кыйла түйшөлттү. Бирок экоактивисттер келечекте мындан да ысык күндөргө туш келерибизди боолгоп атышат. Буга климаттын өзгөрүшү жана адамдардын жаратылышка мамилеси себеп болууда.Теманы экоактивист Исмаил Карыпов менен талдайбыз.
    17 min
  • Отунбаева: Пандемиянын сыноосунан өтүп жатабыз
    Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева курамына кирген эл аралык комиссия пандемиянын сабактары тууралуу сентябрь айында жаңы баяндамасын жарыялаганы турат. Экс-президент баяндаманын чоо-жайын “Азаттыкка” маегинде айтып берди.
    29 min
  • Жусупалиев: Чыгарма адамдын жүрөгүнө өз тили менен жетет (аудио)
    Драматург, акын, котормочу, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Элмурод Жусупалиев 50 жашка чыкты. Ал “Жараланган жүрөк”, “Бар экен, жок экен”, “Ревизор” өңдүү көптөгөн пьесалардын, ырлардын, котормолордун автору. Чыгармачылыгы, кыргыз-өзбек адабий алакалар тууралуу сыябан-маек курду.
    13 min
  • Коронавирус - табиятка ташбоор мамиленин жыйынтыгы
    Коронавирус пандемиясы адам баласына табият менен теңсалмактуулукту бузбаш керектигин көрсөттү. Соңку жылдарда түтүн көбөйүп, токой азайгандан бери жаныбарлар адамга жакындай баштады. Адистер мындай учурда жаныбардан адамга жуккан вирустардын түрү көбөйөт деген пикирде.
    12 min
  • 2020: «Азаттык» жоготкон чыгаандар
    2020-жылы «Азаттык» радиосунун жамаатында орду толгус жоготуу болду. Чыгаан журналист, көпчүлүктүн устаты Бүбүкан Досалиева жана белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салышты. Аларды жаркын элесине арналган баянды сунуш кылабыз.
    30 min
  • Элитасы жок эгемендик (аудио)
    Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык.
    25 min

About ЖЕР ЭНЕ

From the publisher's feed

Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп,…