Апта Азаттыкта

Апта Азаттыкта

By ЭЕ/АҮNewsPolitics
Download on the App Store

All Апта Азаттыкта episodes

  • Кыргызстан сырттан кара май ташууну диверсификациялайт
    Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү май ташып келүүнү макулдашты. Андан тышкары Азербайжан, Кытай, Беларустан май ташуунун жолдору сүйлөшүлдү. Күйүүчү май кризисинен улам Кыргызстан бул жаттагы импортту диверсификациялоо аракетин көрүүдө.
    21 min
  • Борбор Азия аялдар үчүн азаппы?
    Зомбулуктан кыйылган өмүрлөр, талкаланган тагдыр жана жабыркаган ден соолук бир үй-бүлөнүн эле маселеси эмес, ал социалдык көйгөй. Бүгүнкү подкастта Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы коомдун оорусуна айланган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу сөз кылабыз.
    23 min
  • Украина эмне үчүн Wildberries'ти бутага алууда?
    Украиналык дрондор өтүп бараткан аптада үч ирет Wildberries маркетплейсинин Орусиянын бир нече аймагында, аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан кампаларына, логистикалык борборлоруна сокку урду. Маалыматтарга караганда, сегиз киши каза тапты, ондогону жарадар болду. Материалдык чыгым тарткандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Эмне үчүн украин армиясы Wildberries бутага алып келатат?
    18 min
  • Учак кырсыгы: TezJet лицензиядан ажырады
    Кыргызстанда өтүп бараткан аптада Бишкектен Ошко учуп бараткан учуп жаткан учак кырсыкка кабылып, жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Ага удаа эле Раззаков шаарына учуп барган учак техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкекке кайтууга аргасыз болгон. Жарандык авиация агенттиги бардык авиакомпаниялардын учактарын текшере баштаганын билдирди.
    Казакстандын Конституциялык соту өлкөдө жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Касым-Жомарт Токаевдин мурдагы президенттик мөөнөтү эсепке алынбайт деген чечим чыгарды. “Алмашылгыс президенттер” Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнө мүнөздүү. Бирок чөлкөмдө демократ жана өтө билимдүү президент кабары сыпатталган Токаевдин тескери өрнөгү башкаларга кандай таасирин тийгизет?
    18 min
  • Күйүүчү май таңкыстыгы, “75чилердин катына” сот өкүмү
    Орусияда күйүүчү майдын тартыштыгы бүт өлкөнү кучагына алып, бензин чектөөлөр менен сатылууда. Керектөөлөрүнүн баарын Орусиядан алган Кыргызстанда жагдай кандай болот? Кыргызстанда бийликти алмаштыруу, төңкөрүш аракети катары сыпатталып жаткан “75чилердин каты” аталган окуяга райондук сот чекит койду. Февраль айында " Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы, бийликтеги тандемдин урашы, соңу келип мунун аягы эмне менен бүтөт деген чоң суроону жараткан. “Апта Азаттыкта” ушул эки окуя тууралуу сөз кылабыз.
    16 min
  • Ташиевдердин сотун жабык өткөрүүгө эмне себеп?
    Өтүп бараткан аптада коомчулукта “75чилердин каты” деп аталган окуя боюнча сот иши кайрадан жабык каралмак болду. Ташиев баштаган сегиз кишинин үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүү аптаптуу жайдын чоң саясий окуясы болууда. Ал тапта Ысык-Көл форумуна бир катар эл аралык реакциялар болду. Бирок Кыргызстандын өзүндө ага карата сын-пикирлер күчөдү. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин форумга катышканы, анын айрым билдирүүлөрү бул аптанын негизги талкууланган темалары болуп калды. “Апта Азаттыкта” мына ушул эки окуя тууралуу айтып беребиз.
    19 min
  • Ташиевдин соту ачык өтөт: “75чилердин катындагы” сыр ачылабы?
    Өтүп бараткан аптада АКШ, Мексика жана Канадада футбол боюнча Дүйнө чемпионаты башталды. Чемпионатка катышып жаткан Иран жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Кыргызстанда коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз кишинин соту ачык өтмөй болду.
    15 min
  • Орусиянын Арменияга опузасы эмне менен аяктайт?
    Апта соңунда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында Орусия Ераванга кысымын күчөтүп, армян экспортуна тыюу салууда. Еравандын өз алдынча саясатын жактырбаган Москванын басымы эмне менен аяктайт? Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы эмне берет?
    22 min
  • Кыргызстан күйүүчү май баасын кантип ооздуктайт?
    Бул аптада Орусия Украинага согуш ачкандан берки эң масштабдуу дрон жана ракета чабуулдарын жасады. Дрондор кантип согуштун негизги күчүнө айланууда? Кыргызстанда дизелдин баасы 100сомго жакындап калды. Дүйнөдө 30 пайызга чейин өскөн күйүүчү майдын баасын кыргыз өкмөтү кантип ооздуктап жатат?
    18 min
  • Ташиевдин сотун жабык өткөрүүгө эмне себеп?
    Өтүп бараткан аптада дүйнөлүк медиалардын негизи көңүлү Бээжинге бурулду. АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпин эмне тууралуу сүйлөштү? Ирандагы согуш боюнча Кытайдын позициясы кандай? Кыргызстанда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш сотко өттү.
    17 min