Апта Азаттыкта

Апта Азаттыкта

By ЭЕ/АҮNewsPolitics
Download on the App Store

All Апта Азаттыкта episodes

  • Мунай каатчылыгы дүйнөнү мукуратабы?
    Ормуз кысыгындагы кырдаалдан улам Азиянын айрым өлкөлөрүндө күйүүчү майга болгон таңкыстык жаралууда. Экономикасы кубаттуу Индия жана Кытай сыяктуу ири өлкөлөр бул маселени кандай чечет? Кыргызстандын президенти Жапаровдун Кремлге күтүүсүз сапары жана Евробиримдиктин санкциялары.
    18 min
  • Президентке даттанган эл, мамлекеттик органдарга сын
    Иран Ормуз кысыгы убактылуу ачылганын билдирди. Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттери уланууда. Кыргызстанда президент Жапаров Оштун райондорун кыдырып элдин арыз-арманын укту. Медиа ачык чагылдырган жолугушуулардан кийин эмнеге мамлекеттик органдарга сын-пикир күчөдү?
    19 min
  • Пикир үчүн соттолгондордун иши кайра каралабы?
    АКШ менен Иран ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу келишимге жетти. Ал тапта Израил Ливанды тынымсыз бомбалап жатат. Кыргызстанда “Кылым шамы" укук коргоо уюму соңку төрт жыл ичинде соцтармактарга жазган пикири жана бийликке сын айтканы үчүн соттолгондордун ишин кайра карап чыгууга чакырды.
    19 min
  • Шайырбек Ташиевдин камалышы: коррупция жана саясий тиреш
    Бул аптада Ирандагы согуштун дүйнөгө кесепеттери тууралуу көбүрөөк сөз болду. Медиалар кымбаттоолор тууралуу жазууда. Кыргызстанда УКМКнын мурдагы төрагасы, өлкөнүн экинчи адамы, бийликтин каары, сүрү катары айтылып келген Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев камалды.
    18 min
  • Иран жана Украина: эки согушту эмне байланыштырат?
    Өтүп бараткан апта дүйнөлүк медианын негизги темасы дале согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыш менен Украина болду. Иран менен Украинадагы согушту эмне байланыштырат? Кыргыз парламентинин төрагасы Москвадагы расмий жолугушууларында мигранттар көйгөйүн козгоду.
    21 min
  • Трампты таарынткан НАТО, баасы асмандаган мунай
    Израил Ирандын Перс булуңунда жайгашкан ири газ кениндеги заводго сокку урганы кырдаалды огобетер курчутту. Дүйнө энергетикалык кризиске кептелеби? Кыргызстанда өлкөдөн чыгып кеткен коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы К.Ташиевдин кайтып келиши бул аптадагы эң урунттуу окуялардын бири болду.
    19 min
  • Ирандагы согуш: Дүйнөдөгү өлкөлөр кандай позицияда?
    АКШ менен Израилдин Иранга жасалган чабуулуна эл аралык реакциялар кандай болгону жана АКШнын европалык союздаштарынын согушка мамилеси тууралуу “Апта Азаттыкта” айтып беребиз. Ошондой эле Ормуз кысыгынын дүйнөлүк, анын ичинде кыргыз экономикасына мааниси тууралуу кеп кылабыз.
    18 min
  • Орус-украин согушу качан бүтөт?
    Орусия Ураинага бастырып кирип согуш баштаганына төрт жыл толду. Согуштун аягы эмне менен бүтөт? Москва согушту токтотууга кызыкдарбы? Кыргызстанда Улуттук коопсуздук кызматынын айрым кызматкерлеринин үстүнөн даттанып ондогон ишкер арыз менен кайрылган.
    23 min
  • Ташиевдин артынан кызматтан кеткендер
    Өтүп бараткан апта Кыргызстанда кадрдык өзгөрүүлөр, мурдагы коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын саналган жетекчилердин отставкалары менен коштолду. Дүйнөдө АКШ менен Иран ортосундагы аскердик тирешти болтурбоо үчүн дипломатиялык аракеттери уланууда.
    23 min