Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Жапырт камоо, сөз эркиндиги, акыркы кырдаал - Октябрь 26, 2022
    Кыргызстанда массалык башаламандыкка даярдык көргөн деген шек менен 20га жакын активист, саясатчы камалды. ИИМ аларды өлкөдөгү абалды курчутууга аракет кылган деп шек санап жатат. Оппозиция жана жарандык коом саясий куугунтук катары сыпаттоодо. Ал тапта Маданият министрлиги «Азаттык» радиосунун сайтын эки айга жапты. Соңку чечимдер адам укуктары жана сөз эркиндигине басымбы? Бул кырдаалды жөнгө салуунун кандай жолдору бар?
    55 min
  • Эгемендикти эмне бекемдейт? - Август 30, 2022
    Кыргызстан эгемендигинин 31 жылдыгын белгилеп жатат. Быйылкы майрам дүйнөдө олку-солкулук орун алып, экономика, коопсуздуктун мааниси арткан мезгилге туш келди. "Эксперттер талдайт" программасында эгемен Кыргызстандын көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелчиликтери тууралуу суроолор талкууланды.
    50 min
  • Үрөй учурган кырсык мигранттар коопсуздугун эске салды - Август 25, 2022
    Орусияда жол кырсыгында мерт болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинип, жерге берилди. Бул кырсык кыргызстандыктардын үрөйүн учуруп, мигранттардын маселесин кайрадан көңүл борборуна чыгарды. Учурда коомдо мигранттардын көйгөйү, коопсуздугу кызуу талкууланып жатат.
    53 min
  • Курултай коомдогу көйгөйлөрдү көтөрө алабы? - Август 18, 2022
    Президент Садыр Жапаров ноябрда курултай чакыруу боюнча жарлыкка кол койду. Курултайды уюштуруу боюнча даярдыктар башталып, аны менен катар ар кандай талкуулар жанданды. Депутаттар буга чейин артыкбаш орган катары ага каршы чыгып, мыйзамды четке какканына карабай өтчү курултайда кандай маселелер каралат? Коомдогу көйгөйлөрдү көтөрө алабы?
    54 min
  • Акылдуулар жана акчалуулар кайда көчөт? - Июль 14, 2022
    Кыргызстандан жыл санап сыртка агылгандар көбөйүүдө. Кыргызстанга келген БУУнун атайын өкүлү муну кооптондуруучу абал деп сыпаттады. Кыргызстандан сыртка агылган «Акыл көчүнүн» кесепети кандай болот? Жапырт миграция улуттук коопсуздукка кандай таасир тийгизет?
    1 hr 2 min
  • Окуучунун жүрөгүндө калган мугалим
    Орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Француз тил сабактары” дүйнөнүн көп тилдерине которулган классикалык аңгеме. Чыгармада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор турмуш, окуучу менен мугалим ортосундагы өзгөчө мамиле көрсөтүлгөн.
    14 min
  • Октябрь соту: соңку чечимдин чоо-жайы - Июнь 29, 2022
    Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдагы Октябрь окуяларындагы башаламандык боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчыларды актады. Ишти караган судья мурдагы президент жана пикирлештеринин аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапты.
    Соттун акыркы чечими эмнеден кабар берет? Бул суроону "Эксперттер талдайт" программасында талкуубайбыз. Талкууга Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы судья Клара Сооронкулова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков катышты.
    54 min
  • УКМК абагындагы өлүм: ким жоопкер? - Июнь 21, 2022
    Акыркы эки аптада УКМКнын тергөө абагында кармалып турган экинчи шектүү жаран каза болду. Үч күн мурун банкир Бакыт Асанбаевдин асынган абалда сөөгү тергөө абагында табылды. УКМК Асанбаев өз жанын кыйганын билдирүүдө.
    49 min
  • Баткендеги музей кантип түптөлгөн?
    Баткендеги мындан төрт жыл мурда иштей баштаган алгачкы музейди үч тарых мугалими негиздеген. Алар эл аралап эки миңден ашуун экспонаттарды кантип чогултушканын "Азаттыкка" айтып беришти.
    11 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…