Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Ишкерлер бийликтин убадасына ишенеби? - Март 16, 2022
    Президент Садыр Жапаров ишкерлерди чогултуп, көмүскө бизнести ачыкка чыгарууга чакырды. Анда учурдагы кыйын кырдаалда активдерди легалдаштыруу жана мунапыс мыйзамы тууралуу сөз болуп, бийлик менен бизнес "мырзалар келишимине" кол койду. Бул келишимде эмнелер камтылган? Азыркыдай экономикалык оор жагдайда бийлик бизнестен эмнени күтөт жана ишкерлер өкмөттүн убадаларына ишенеби?
    50 min
  • Өмүрзаков: «Дания Украинадагы кырдаалдан улам келишимди токтотту»
    Бийчи Атай Өмүрзаков Фейсбуктагы баракчасына Даниядагы өнөктөшү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди. Өмүрзаков мындай билдирүүнү социалдык тармактардагы баракчаларына жазды. Бул кырдаал боюнча бийчи «Азаттыкка» маек курду.
    3 min
  • Украин кризиси: Кыргызстанды тооруган тобокелдиктер - Март 02, 2022
    Украинадагы согуш, Батыштын Орусияга санкциясынын кесепети Кыргызстанга сезиле баштады. Валюта базарында олку-солкулук байкалып, баалар өсөрү болжолдонууда. Муну белгилеген президент Садыр Жапаров өлкөдө баа кымбаттап, улуттук валюта катуу басымга кабылышы мүмкүн экенин эскертти. Өкмөт мындай кырдаалда антикризистик чараларды иштеп чыгып, калкка кырдаалдан чыгуунун бир нече жолун сунуштады. Кыргыз экономикасына кыйын жана түз таасири тийип жаткан өнөктөштөрдөгү согуш менен санкциялардын кесепетин кантип жумшартуу керек? Мындай кырдаалда өкмөт жана бизнес эмнелерге көңүл бурушу кажет? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" программасында талкуулайбыз.
    44 min
  • Украинадагы согуш: Кесепети жана таасири - Февраль 24, 2022
    Орусия 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштады. Ушу тапта Украинанын бир нече аймагында салгылышуу жүрүп жатканы кабарланууда. Украин бийлиги жана бир катар өлкөлөр Орусиянын чабуулун айыптап жатат. Бир нече аптадан бери сөз болуп келе жаткан согуш коркунучу учурда дүйнө назарында турат. Жаңжалдын таасири Кыргызстанга сезилип, валюта базарында олку-солкулук орун алды.
    50 min
  • Чек ара көйгөйү качан чечилет? - Февраль 02, 2022
    Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салып, аны тактоо үчүн учурда эмнелерге көңүл буруу керек? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкууладык. Программага Коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал Марат Иманкулов, Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуз комитетинин төрагасы Жанар Акаев, экс-депутат, саясатчы Улукбек Кочкоров жана тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Бактыгүл Каламбекова катышты.
    50 min
  • Журналист менен акындын кармалышы сөз эркиндигине басымбы? - Январь 25, 2022
    Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун баңгизат колдонууга айыпталып, кайра бошотулушу коомчулукта кызуу талкууларды жаратты. Бир тобу өлкөдөгү чоң жетекчилердин жакындары тууралуу иликтөөлөр жарыялангандан кийинки бул окуяны "сөз эркиндигине чабуул" деп баалашса, Ички иштер министрлиги катардагы кылмышты иликтөө катары түшүндүрүүдө. Темиров жана Назаровго карата козголгон кылмыш иши эркин басма сөзгө эскертүүбү? Сөз эркиндиги менен мыйзам алдындагы жоопкерчиликтин чеги кайда?
    49 min
  • Чек ара протоколу тирешке себеп болдубу? - Январь 19, 2022
    Жогорку Кеңештеги оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров соңку күндөрү сурак берүүдө. Прокуратура саясатчыга мындан 12 жыл мурда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу суроолору бар экенин билдирүүдө. Бул маселе өлкөдөгү бийлик менен оппозициянын ортосундагы кайым айтышты күчөттү. Адахан Мадумаров баштаган «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын бир нече мүчөсүнүн суракка чакырылышы жана соңку жагдай саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Өлкөдөгү бийлик менен оппозициянын мамилеси кандай болушу керек? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз.
    47 min
  • Казакстанда эмне өзгөрдү? - Январь 11, 2022
    Казакстандагы окуялар өнүгүүдө. Президент Касым-Жомарт Токаев жаңы өкмөттү курады жана ЖККУнун аскерлери эки-үч күн аралыгында чыгарыла баштарын билдирди. Ал тапта коңшу өлкөдөгү соңку окуялардын Кыргызстанга жаңырыгынын жаңы жагдайлары ачыкка чыгууда. Алматыда экинчи кыргыз жараны каза болгону белгилүү болсо, төрт кыргызстандык камакта. Казакстанда эмне болууда? Өзгөрүүнүн желаргысы сезилеби? Бул окуялардын Кыргызстанга таасири кандай болот?
    56 min
  • Казакстанга чет элдик аскерлер жөнөтүлдү - Январь 06, 2022
    Казакстанда саясий кризис уланууда. Бул өлкөнүн жетекчилиги кырдаалды жөнгө салуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан көмөк сурады. Бул уюмга мүчө болгон Кыргызстан коңшу өлкөгө аскер жөнөтүү маселесин талкуулап жатат. Бүгүн Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулмак. Кворум жок жыйын 7-январга жылды. Казакстандагы соңку окуялардын Кыргызстан, дегеле Борбор Азияга таасири кандай? Кыргызстан коңшу өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн кандай позиция карманышы керек? Бул суроолорду “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн атайын чыгарылышында талкуулайбыз. Талкууга мурдагы вице-премьер-министр, генерал Токон Мамытов, саясий илимдердин кандидаты, эксперт Орозбек Молдалиев, тарыхчы, эксперт Алмаз Кулматов жана жарандык активист Руслан Акматбек катышты.
    1 hr

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…