Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Улуттук банктын төрагасы алмашты - Сентябрь 30, 2021
    Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетти. Анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин парламент бекитти. Абдыгулов өз чечимин башка ишке өтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү. Бирок айрым депутаттар бул жараянды саясий оюндар менен байланыштырып, анын арты валюталык кризиске жеткириши мүмкүн деген кабатырланууларын айтты.
    48 min
  • Басмачылык кыймылга укуктук баа: Кыргызстандагы көз караштар
    Өзбекстандын Жогорку соту басмачылыкка жана антисоветтик аракеттерге айыпталган 115 адамды актады. Бул Борбор Азияда басмачыларды актап, саясий реабилитацияга жол ачкан алгачкы учур болуп калды. Кыргызстанда дагы изилдөөчүлөр, коомчулук арасында совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар - басмачылык тууралуу карама-каршы пикирлер көп.
    24 min
  • Кыргызстандагы соңку камоолордун саясий төркүнү - Август 25, 2021
    Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта калды.“Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровду да сот үй камагына чыгаруудан баш тартты. Ал эми ушул эле иш боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 млн. сом төлөп берип, үй камагына чыкканы белгилүү болду. Соңку камоолор чын эле коррупция менен күрөштү туюнтабы же саясий куугунтукка айланып бара жатабы? Студиянын бүгүнкү коноктору - Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, Жогорку кенештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков, жарандык активист Адил Турдукулов жана саясат таануучу Эмил Каниметов.
    49 min
  • Ооганстандагы кырдаал: Борбор Азияга таасири кандай болот? - Август 19, 2021
    Ооган өкмөтү кулап, талибдер Кабулду ээлегенден кийинки кырдаал коңшу өлкөлөрдө кооптонуу жаратууда. Ооганстандагы соңку абал Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн? Алдыда кандай тобокелчиликтер бар жана алдын алуу аракеттери кандай болушу керек? “Эксперттер талдайт” программасы ушул теманы талдады.
    52 min
  • "Ооган согушуна от тамызган геосаят" (Аудио)
    Ооганстанда талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда уруш уланып жатат. Ооган урушуна улуттук биримдик, ички ынтымактын жоктугу, анын айынан өкмөттүн алсыздыгы себеппи, же мунун баары чоң өлкөлөрдүн эрегишинин кесепетиби? Бул теманы “Арай көз чарай” талкуусунда талдадык.
    32 min
  • Инандынын Түркиядан табылышы талкуу жаратты - Июль 06, 2021
    5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Кыргызстанда бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады. Бир айдан ашуун жоголгон Орхан Инандынын Түркиядан табылышы кыргызстандык бир катар саясатчы, жарандык активисттердин сынына кабылып, анын уурдалышы мамлекеттин көз карандысыздыгына кол салууга барабар деген пикирлер айтылууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда камакта жатканы белгилүү болгон Орхан Инандыга байланыштуу түрк элчиси Ахмет Садык Доганды чакырып, нота тапшырды.
    44 min
  • Улуу көч кылган катаны, урпактар кийин баяндайт
    "Азаттыктын" "Эгемендикти эмне бекемдейт?" сынагына Чаткал районунун Терек-Сай айылынан Чынар Токоева "Отуз жылдык арманым" деген ыр саптарын өзү окуп аудио кат жиберген. Элеттик ардагер акын Чынар Токоеванын буга чейин ыр китеби да чыккан экен.
    5 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…