Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Жаңы парламент өлкөнү кайда жетелейт? - Декабрь 29, 2021
    Шайлоолор өтүп, Баш мыйзам жана башкаруу системасы өзгөргөн 2021-жыл узап бара жатат. Жылдын соңку күндөрүндө жетинчи чакырылыш ишин баштады. Узап бара жаткан жылдагы урунттуу окуялар кайсылар болду? Кыргызстан кандай жолго түштү? Жаңы парламент өлкөнү кайда алып барат? Бул суроолор "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкууланды.
    45 min
  • Шайлоо жыйынтыгы: БШКнын соңку чечими - Декабрь 16, 2021
    БШК партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота боюнча жобону өзгөрттү. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алмай болду. БШКнын мындай аракетин "Альянс" партиясы сынга алып, атайлап уюштурган деп атады. Шайлоо жыйынтыгы чыгар алдындагы жобону өзгөрүүнүн артында эмне жатат? Бул суроону "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкуулайбыз.
    43 min
  • Жаңы парламенттин салмагы кандай болот? - Декабрь 09, 2021
    БШК парламенттик шайлоодогу добуштарды кол менен санап бүттү. Баштапкы жыйынтык боюнча кийинки парламент алты партиянын 54 өкүлүнөн жана бир мандаттуу округдардан шайланган 36 депутаттан куралганы турат. Бул курамдагы парламент кандай болот? Баш мыйзам боюнча бир катар ыйгарым укуктарынан ажыраган Жогорку Кеңеш бийликтин көз карандысыз бутагы катары өзүн көрсөтө алабы?
    45 min
  • Парламенттик шайлоо: кризисти чечүү жолдору - Декабрь 01, 2021
    Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу талаштар уланууда. Оппозициячыл бир нече партия шайлоо жыйынтыгы бурмаланганын айтып, аны жокко чыгарууну талап кылууда. БШК жана бийлик аны четке кагып, добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгын күтүүгө чакырууда. Бул кырдаалдан кантип чыгыш керек? Бул суроону бүгүн "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" көрсөтүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, "Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев катышты.
    51 min
  • Шайлоонун талаш жараткан жыйынтыгы - Ноябрь 29, 2021
    Кыргызстанда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. БШКнын автоматташтырылган электрондук үкөктөрдөгү жыйынтык боюнча алгачкы маалыматындагы өзгөрүүлөр кызуу талкууга түшүп, суроолорду жаратты. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча алгачкы маалымат эмнени көрсөттү? Күмөн саноого негиз болгон өзгөрүүлөргө эмне себеп болду? Бул суроолор «Эксперттер талдайт» көрсөтүүсүндө талкууланды. Талкууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, «Ата Мекен» партиясынан талапкер Клара Сооронкулова, «Азаттык» партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов, «Ынтымак» партиясынан талапкер Чыңгыз Макешов катышты.
    47 min
  • Тышкы саясатта тең салмактуулук сакталабы? - Ноябрь 03, 2021
    Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Глазгодогу климаттын өзгөрүүсүнө каршы саммитке катышты. Анын алкагында Жапаров бир катар дүйнөлүк лидерлер менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул окуя соңку күндөрдөгү кыргыз медиасынын күн тартибинин башкы сабына чыгып, талкууланууда. Бул сапардан соң Кыргызстандын тышкы саясатында эмне өзгөрөт, дүйнөлүк лидерлер менен жолугушуудан эмне жыйынтык чыгат? Дегеле Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброю кандай? "Эксперттер талдайт" программасы ушул теманы талкуулады.
    51 min
  • "XXI кылымдын духун чагылдырган чыгармаларды жаратсак"
    Кыргызстандык белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин "Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси" аттуу чыгармасы түрк тилинде жарык көрдү. Евразия жазуучулар бирлиги анын бет ачарын Бишкек шаарында өткөрдү.
    12 min
  • Жаңы өкмөттөн коомчулук эмне күтөт? - Октябрь 13, 2021
    Кыргызстанда кайрадан өкмөт алмашты. Министрлер кабинети жана президенттик администрациянын жетекчилигине Акылбек Жапаров келип, амбициялуу планын жарыялады. Экономика оор абалга кептелип, энергетикалык кризис тооруп, өлкө ири саясий өнөктүк болгон парламенттик шайлоо алдында алмашкан өкмөттөн эмне күтсө болот? Жапаров жар салган план реалдуу ишке ашабы же кезектеги куру убадабы? Талкууга жаңы куралган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов жана Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» партиясынын теңтөрагасы Мирлан Жээнчороев катышты.
    51 min
  • "Эксперттер талдайт": Октябрь окуяларынын сабактары - Октябрь 07, 2021
    Кыргызстанда Октябрь окуяларына бир жыл болду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы онунчу ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты. Алдыда кайрадан парламенттик шайлоо күтүлүүдө. Кыргызстан Октябрь окуяларынан эмне сабак алды? Былтыркы шайлоодо кетирилген каталар, кемчиликтер быйыл кайрадан кайталанбайбы?
    48 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…