Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Парламенттеги кайым айтыштын төркүнү - Июнь 02, 2022
    Айрым депутаттар парламент менен өкмөттүн ортосунда тиреш байкалганын айтса, күч органдарынын жетекчилери эл өкүлдөрүн жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү үчүн айыптады. Бийлик бутактарынын ортосунда мамиле кандай болушу керек?
    56 min
  • ЕАЭБ саммити, санкциялардын кесепети - Май 27, 2022
    Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүүдө. Анда экономикалык өнөктөштөр соода-сатыкты күчөтүп, Орусия туш болгон санкцияларды талкуулады. Кечээ саммит алдында ири форум өтүп, анда экономикалык байланыш эле эмес, идеологиялык маселелер жөнүндө сөз болду.
    59 min
  • Курултай элдик бийликпи же эскинин калдыгыбы? - Май 19, 2022
    Кыргызстанда элдик курултай жөнүндө мыйзам кайрадан күн тартибине чыкты. Президенттин демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан курултай мыйзамын парламенттин тармактык комитети четке какты. Депутаттар мыйзам долбоордогу курултайдын түзүлүшүн мамлекеттик бийлик системасына артыкбаш орган деп атап, каршы чыгууда. Бирок курултайдын жактоочулары бул институтту эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болот деп түшүндүрүп жатат. Баш мыйзамда киргизилген курултай институтунун тегерегиндеги талаштар "Эксперттер талдайт" программасында талкууланды.
    52 min
  • Ширшовдун иши: шек жараткан жагдайлар - Май 11, 2022
    Энергетикадагы коррупциялык схемаларды түзүүчү деген Алексей Ширшов үй камагына бошотулду. Аны бир күн мурун УКМК «коррупция» беренеси боюнча шектүү катары кармаган. Соттун бул чечими коомчулукта кызуу талкууланып жаткан чакта президент Садыр Жапаров Ширшов анын макулдугу менен өлкөгө келгенин билдирди. Алексей Ширшов ким жана анын айланасындагы акыркы окуялар эмнеден кабар берет? «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз.
    42 min
  • Президенттик башкаруудагы бир жыл - Апрель 27, 2022
    Президент Садыр Жапаров ушул аптада кеңири маек берип, өлкөдөгү талкууга түшкөн маселелер боюнча өз пикирин билдирди. Жапаровдун маеги президенттик башкарууну жактаган Конституция күчүнө киргенинин бир жылдыгына туш келди. "Эксперттер талдайт" программасында президенттин соңкү билдирүүлөрүн талдайбыз. Көрсөтүүгө президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, саясатчы Бектур Асанов, журналист Аскер Сакыбаева жана юрист, активист Канат Мидин уулу катышты.
    43 min
  • Октябрь окуясы: Сот жараянындагы суроолор - Апрель 21, 2022
    Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча жараян жүрүүдө. Айыпталуучулардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар бар. Алар иш калыс тергелген жок деп нааразы. Прокуратура Атамбаевдин соттогу акыркы аракеттери мыйзамга каршы келерин эскертти.
    47 min
  • Баткен: Чек ара чыры качан токтойт? - Апрель 13, 2022
    Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. 12-апрелдеги жаңжалдан улам Лейлек районунун миңдеген тургуну коопсуз жерге чыгууга аргасыз болду. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кырдаалды жөнгө салуу аракети жүрүп жактанын билдирүүдө. Улам-улам чыккан чек ара чатактарын басуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? Дегеле кыргыз-тажик чек арасы качан такталат?
    53 min
  • Кумтөрдүн келечеги кандай болот? - Апрель 05, 2022
    Кыргыз бийлиги менен Канаданын “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы талаш-тартышты чечкен макулдашууга кол коюлду. Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, Кыргызстан эң чоң алтын кенине толук ээлик кыларын жарыялады. Өлкө эгемендик алгандан бери чуусу басылбаган кен боюнча келишимдин шарттары кандай? Кыргызстанга толугу менен өткөн Кумтөр кантип иштетилет? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" программасында талкуулайбыз. Талкууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, парламенттин экс-депутаты, Кумтөр боюнча иштеп келе жаткан активист Эркингүл Иманкожоева, Кыргызстандагы тоо кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков жана аналитик Эмиль Каниметов катышты.
    58 min
  • Омор Султановдун үч чоң бийиктиги
    Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун талантынын күчү жана кыргыз адабиятына киргизген жаңылыгы эмнеде? Адабият таануучу жана жазуучу Абдыкерим Муратов “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна жооп берди.
    11 min
  • Сөз эркиндиги канткенде сакталат? - Март 30, 2022
    Кыргызстанда соңку апталарда көз карандысыз Next TV каналы ишин токтотуп, айрым укук коргоочуларга айыппул салынды. Бир катар укук коргоочулар акыркы окуяларды адам укугун бузуу катары сыпаттаса, укук коргоо органдары мыйзамдын талабы катары атап жатат. Өлкөдөгү сөз эркиндигин сактап, мыйзамдын талабын аткаруу үчүн азыркы шартта эмнелерге көңүл буруу керек? Бул суроону «Эксперттер талдайт» программасында талкуулайбыз.
    49 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…