Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.
October 06, 2025Жаңылыктар | 06.10.2025 | Кытайдан унаа ташуу жеңилдейби?Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан – Кытай багытында эл аралык автоунаа ташууларына уруксат берүү жеңилдетилерин билдирди. Бул тууралуу 6-октябрда аппараттык кеңешмеде айткандай, азыркы система боюнча жүк ташуучулар уруксат алуу үчүн кагаз документтерди даярдайт жана бул бюрократиялык тоскоолдуктарга жана кошумча чыгымдарга алып келет. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн уга аласыз....more30minPlay
October 05, 2025Жаңылыктар | 05.10.2025 | Кыргызстан Ооганстанга 160 тонна гумжардам жеткирдиТабигый кырсыкта жапа чеккендер үчүн Кыргызстандын атынан Ооганстанга гумжардам жөнөтүлдү. Ош шаарында даярдалган жүктө 130 тонна азык-түлүк, наркы 2 млн сомду түзгөн балдардын жылуу кийим-кечеси жана күнүмдүк зарыл товарлар камтылган.25-сентябрда коопсуздук кызматтарынын коштоосунда жолго чыккан кербен 27-сентябрда Өзбекстан аркылуу Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жеткен. Андан ары делегацияны Кыргызстандын Ооганстандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдары тосуп алып, коштоп барган....more30minPlay
October 04, 2025Жаңылыктар | 04.10.2025 | Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүүдө элдин макулдугу сураларын айттыПрезидент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасы киргизиле турган болсо бул эл менен кеңешилип чечилерин 4-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди. Ал жазанын катаал түрүн киргизүүгө соңку жылдары балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөтүп өлтүргөн учурлардын көбөйүшү себеп экенин белгиледи.Жапаров адам өлтүрүү жана зордуктоо боюнча соңку беш жылдагы статистикалык маалыматтарды келтирген....more30minPlay
October 03, 2025Жаңылыктар | 03.10.2025 | Украина куралдын бир нече түрүнүн жапырт соккусуна кабылдыУкраинада Орусиянын 2-октябрдагы куралдын бир нече түрүнөн аралаш соккуларынан Донецк, Харьков жана Херсон облустары жабыркаганын, жапырт аткылоонун кесепетинен бир кишинин өмүрү кыйылып, 11 киши жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты....more30minPlay
October 02, 2025Жаңылыктар | 02.10.2025 | Израил Газага жардам жеткирип бараткан гуманитардык кемелерди токтоттуИзраилдин аскер-деңиз флотунун кемелери Газага жардам жеткиребиз деген ураан менен жолго чыккан активисттердин бир нече кемесин токтотконун 1-октябрдын кечинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларга зыян келтирилген жок, ичиндеги адамдар израилдик портторго жеткирилди....more30minPlay
October 01, 2025Жаңылыктар | 01.10.2025 | Кыргызстанда пенсия жогорулады: бир айлык керектөөгө жетеби?Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1-октябрдан тарта 10% көбөйдү. Министрлер кабинетинин августтагы токтомуна ылайык, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсия 10%, бирок 600 сомдон кем эмес жогорулайт. Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон жогору болсо – 5000 сомдон көп эмес жогорулайт. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн уга аласыз....more30minPlay
September 30, 2025Жаңылыктар | 30.09.2025 | Трамптын планы Газага тынчтык орнотобу?АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алып, Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын талкуулады. Бул Трамп президентке киришкен быйылкы жылдын январынан бери Нетаньяхунун Вашингтонго төртүнчү сапары болду....more30minPlay
September 29, 2025Жаңылыктар | 29.09.2025 | Москва облусуна дрон чабуулу, эки киши каза болдуМосква облусунун Воскресенск шаарында учкучсуз учактардын соккусунан турак үйдө өрт чыгып, эки киши каза болгонун облус губернатору Андрей Воробьев билдирди. Алардын бири 76 жаштагы аял жана анын 6 жаштагы небереси. Воробьев дрон турак үйгө сокку урдубу же аны атып түшүрүү учурунда сыныгы тийдиби ачыктаган жок....more30minPlay
September 28, 2025Жаңылыктар | 28.09.2025 | Орусия Украинага 500дөй дрон, 40тан ашык ракета учурду, төрт киши каза болдуУкраинанын президенти Владимир Зеленский 28-сентябрга караган түнү Орусиянын армиясы 500гө чукул дрон, 40тан ашуун ракета менен чабуул койгонун билдирди. Киевде соккулар төрт кишинин өмүрүн алды, бир нече киши жарадар болду....more30minPlay
September 27, 2025Жаңылыктар | 27.09.2025 | Казак-орус чек арасы: жүк ташыган айдоочулардын айласы кеттиЖыйырмадан ашык айдоочу 27-сентябрда Чүйдүн Кант шаарында жайгашкан Д-2 жүк жиберүүчү компаниясынын кеңсесинин алдына чогулду. 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин ушул жерден жүк алып, Орусияга жөнөгөндөр казак-орус чек арасынан өтө албай турганына нааразы....more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.