Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.
September 26, 2025Жаңылыктар | 26.09.2025 | Бишкек мэриясы жол тыгыны күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынарын билдирдиБишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында калаадагы жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз....more30minPlay
September 25, 2025Жаңылыктар | 25.09.2025 | Зеленский Путин менен Казакстанда жолугууга даярУкраинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстанда жолугууга даяр экенин АКШдагы сапары учурунда билдирди. Fox News телеканалынын эфиринде журналисттин орус-украин сүйлөшүүлөрү тууралуу суроосуна жооп берип жатып ал жолугушуу үчүн нейтралдуу аянтча катары сунушталган бир катар өлкөлөрдү атады. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз....more30minPlay
September 24, 2025Жаңылыктар | 24.09.2025 | Президент Жапаров БУУдагы сөзүндө дүйнөдөгү согуштарды токтотууга чакырдыКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согушка, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга, Ооганстандагы абалга жана башка өлкөлөрдөгү жаңжалдарга басым жасап, аларды токтотууга чакырды....more30minPlay
September 23, 2025Жаңылыктар | 23.09.2025 | Жогорку Кеңешке шайлоо ноябрда өтөбү?Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн спикерлеринин жыйыны өтүп жаткан чакта Жогорку Кеңештин тармактык комитети парламенттин өзүн өзү таркатуу демилегесин колдоду. Эми бул демилге жалпы сессияда каралат. Өткөн аптада парламенттин таркашын колдогон 32 депутаттын колу чогулганы белгилүү болгон....more30minPlay
September 22, 2025Жаңылыктар | 22.09.2025 | Ош: аттракциондон кулап каза болгон өспүрүм, коопсуздукка ким жооп берет?Ош шаарындагы сейил бактардын биринде аттракциондон кулап, каза тапкан 15 жаштагы өспүрүм кыздын өлүмүнөн кийин калаа бийлиги мындай жайлардагы коопсуздукту текшерүүнү буйруду....more31minPlay
September 21, 2025Жаңылыктар | 21.09.2025 | Орусия: мигранттарга балдарын алып келүүгө тыюу салуу сунушталдыОрусияга эмгек миграциясына баргандарды бул өлкөгө балдарын алып келүүгө тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин да билдирди. Буга чейин ушундай эле пикирин экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетнико да айтып, мыйзам долбоору 9-сентябрда мамдуманын кароосуна киргизилген. Соңку жылдары Орусия миграция эрежелерин катаалдатып, талаптарды күчөтүүдө. Юристтер бул жаңы эрежелер ЕАЭБ келишимине каршы келерин эскертип жатат....more1h 7minPlay
September 20, 2025Жаңылыктар | 20.09.2025 | Кыргызстан Палестинанын мамлекеттүүлүгүн колдой турганын кайталадыКыргыз бийлиги Жакынкы Чыгыштагы окуяларга позициясын билдирип, Палестинанын мамлекеттүүлүгүн колдорун кайталады. Мунун алдында президент Жапаров Дохага жасалган ракеталык чабуулдарды айыптаган. Өткөн аптада БУУнун Башкы Ассамблеясында “Палестина маселесин тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана Палестина мамлекетин түзүү боюнча декларацияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары жактырды. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча Борбор Азиянын позициясы активдешип жатабы?...more30minPlay
September 19, 2025Жаңылыктар | 19.09.2025 | Трамп Путинден көңүлү калганын айтты18-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен өткөн маалымат жыйында Владимир Путин “анын көңүлүн калтырганын” билдирди.Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз....more30minPlay
September 18, 2025Жаңылыктар | 18.09.2025 | Ташиев: Борборду которууну эл чечетУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айтты. 18-сентябрда шаардын аталышынын өзгөртүлүшү тууралуу маегинде Кыргызстандын борборун Манаска көчүрүү боюнча коомчулуктагы сөздөргө да комментарий берди....more31minPlay
September 17, 2025Жаңылыктар | 17.09.2025 | “Ош ситинин” ишмердигин комиссия текшеретПрезидент Садыр Жапаров “Ош-Сити” шаарчасынын курулушу боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев сөз болуп жаткан шаарчадан батир алган адамдар менен жолугушууда айтканы белгилүү болду.Ал жолугушуу тартылган видео интернетке тарады. Анда Жеңишбек Токторбаев шаарчанын курулушун көрүү үчүн Ошко Бишкектен Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев келип кеткенин айткан....more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.