Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.
September 16, 2025Жаңылыктар | 16.09.2025 | Израилдин танктары Газа шаарына кирдиМаалыматтарга караганда, 16-сентябрга караган түнү бою ЦАХАЛ Газа шаарын бомбалады. Америкалык Axios сайты Израилдин расмий өкүлдөрүнө шилтеме менен армия тилкенин ири калаасын ээлеп алуу үчүн жердеги операциясын баштаганын жазды....more1h 5minPlay
September 15, 2025Жаңылыктар | 15.09.2025 | Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алындыУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирди....more30minPlay
September 14, 2025Жаңылыктар | 14.09.2025 | Украина Ленинграддагы ири мунай заводуна сокку урганын билдирди14-сентябрга караган түндө Ленинград облусунда Орусиядагы эң ири мунай зафоддордун бири - "Киришинефтеоргсинтез" заводуна сокку урулуп, жарактан чыкканын Украинанын куралдуу күчтөрү кабарлады.Жергиликтүү бийлик Кириши шаарында бир нече учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн, сыныктары кулаган кезде мунай заводунда өрт чыкканын маалымдашты. Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко заводдогу өрт жекшемби таңга жуук өчүрүлгөнүн ырастады. Каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок....more1h 1minPlay
September 13, 2025Жаңылыктар | 13.09.2025 | Чүйдө эки баласын өлтүрүүгө шектелген аял кармалдыЧүй облусунда 12 жаштагы кызын, эки жашар уулун өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Облустук милициянын маалыматка караганда, 12-сентябрдын кечинде үйлөрдүн биринен жашы жете элек эки баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу жерине барган учурда бычак жеген 2013 (кыз) жана 2023-жылы туулган (эркек) эки баланын сөөгү табылган. Кылмышка шектелип балдардын энеси кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилди....more30minPlay
September 12, 2025Жаңылыктар | 12.09.2025 | Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карылар үйүнө айланатМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке өтөт. Өкмөт ал имаратка карылар жана балдар үйлөрү ачыларын билдирди. Мурдагы президенттин жакындары бул аракетти мыйзамсыз деп сындашууда.Израилдин бийлиги Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө каршы экенин кайрадан кайталады. Ал тапта еврей күчтөрүнүн чабуулуна туш болгон Газа секторундагы гуманитардык абал күн санап оорлоп бара жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн кол топтоп жатышат. Бул жараян кийинки аптада талкууланып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланышы мүмкүн....more30minPlay
September 11, 2025Жаңылыктар | 11.09.2025 | Мырзакматов 43 гектар жерди кантип алган?Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери болгонун билдирди. Ал 10-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда ал жерлерге байланыштуу соттошуу башталганын кабарлады.Ушул жана башка жаңылыктарды Азаттыктын кечки радио берүүсүнөн угасыз....more30minPlay
September 10, 2025Жаңылыктар | 10.09.2025 | Орусияда “кара тизмеден” чыкпаган мигранттар эмне болот?Кыргызстандын 14 миң 600 жараны гана Орусияда жүрүү үчүн укуктук макамын мыйзамдаштырып, "кара тизмеден" чыкты. Алардын 8 миңдейи Москва аймагында жашагандар. Чет элдик жана жарандыгы жок адамдардын Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздерин аныктап, укуктук абалын жөнгө салууга берилген мөөнөт аяктады....more30minPlay
September 09, 2025Жаңылыктар | 09.09.2025 | Кыргызстанда атомдук электр станциясы курулабы?Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов Кыргызстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча министрлик жакын арада сунуш берерин билдирди. Ысманов айрым кошуна өлкөлөр АЭС куруу боюнча чечим кабыл алганын кошумчалады.Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылы октябрь айында Орусиянын “Росатом” ишканасы Кыргызстанга курууну пландап жаткан АЭС боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган....more30minPlay
September 08, 2025Жаңылыктар | 08.09.2025 |10 жаштагы кыргызстандык кызга Орусияга кирүүгө тыюу салындыМосквадагы аэропортто кыргызстандык үй-бүлөнүн 10 жаштагы кызына өлкөгө кирүүгө беш жылдык тыюу салынганы белгилүү болду. Бул окуя Орусиядагы миграциялык кырдаалдын курчуп, “кара тизмеге” түшкөн кыргызстандыктардын саны арбып жаткан учурга туш келди. Буга чейин жашы жете элек балдардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган учурлар коомчулукка ачык белгилүү болгон эмес....more30minPlay
September 07, 2025Жаңылыктар | 07.09.2025 | Израил Газа шаарындагы соккуларын күчөттүИзраилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Газа шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу имараттардын бирине сокку урганын билдирди. Имарат толук талкаланганы маалымдалды....more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 826 episodes available.