20-ноябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык саммити аяктады. Анын жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү макулдашылды. СОР27 саммитинин жыйынтыгы жөнөкөй кыргыз жараны үчүн эмне берет?
"Эл үнү" радио түрмөгүнө Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынан Аксамай Борбуков кайрылып, 20 жылдан бери жашап келаткан батиринен күчкө салып чыгаруу аракети болуп жатканын даттанды. Батирге “Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ачык акционердик коому ээлик кылат.
Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун координаторлорунун бири Жакшылык Мурат жарандарды мыйзамдуу жолдор менен, ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип барууга чакырууда.
Баткенде өрүк теримге тартылган окуучулар. Турак жай кооперативден үй да, акчаларын да кайтарып ала албаган адамдар. Дагы башка сунуш-пикирлер "Эл үнү" радио түрмөгүндө.
Түп районундагы бала бакчага муктаж айыл, инсулин издеген ноокаттык бейтап, энелердин абалына тынчсызданган ардагер жана башка сунуш-пикирлер "Эл үнү" түрмөгүнүн бул чыгарылышында.
Балыкчы шаарында жалгыз бой энелер жана майыптыгы бар адамдар үчүн курулган шаарчадагы үйлөрдүн кооптулугуу суроо жаратууда. Ишкерлердин 90 миңге жакын АКШ долларын кумар оюндарга уткуруп жиберген такси айдоочусу. Дагы башка кайрылуулар "Эл үнү" радио түрмөгүндө.
Отуз-Адырда урай баштаган мектепте окуган окуучулар. Айыл чарбасын реформа кылгысы келген дыйкан. Жасалма анализдерге каражат короткон мигранттар. Ушул жана башка кайрылуулар "Эл үнү" радио түрмөгүндө.
10 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.