«Азаттыктын» чыгармачылык жамааты үчүн жаңы тажрыйба топтоого, жаңы идея табууга, изденүүгө жол ачты. Жаңы долбоорлор, жаңы дем иштөөгө түрттү. Алдыдагы түрмөктө жамааттын бир жыл ичиндеги иши тууралуу отчет бермекчибиз.
2020-жылы «Азаттык» радиосунун жамаатында орду толгус жоготуу болду. Чыгаан журналист, көпчүлүктүн устаты Бүбүкан Досалиева жана белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салышты. Аларды жаркын элесине арналган баянды сунуш кылабыз.
Кичинекей кезинде дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Үмүтжан сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясынын алкагында кезектеги подкастты сунуш кылат.
Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Кайырбек машаякчылык жөнүндө айтып берет.
Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст көз карандысыз журналист Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Рухидин "Кришна аң-сезими боюнча эл аралык коому" деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет. Ал он жылдан ашуун убакыттан бери аталган диний ишенимди тутунат.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор катары кайрадан күн тартибине чыкты. Аталган темир жолдун Кыргызстан үчүн мааниси эмнеде? Өлкөнүн коопсуздугу үчүн тобокелчиликтер барбы? Курулуштун башталбай жатышына сырткы факторлордун таасири болуп жатабы?
Ысык-Көлдө абрикос жана башка мөмө-жемиштерден сырткары кокон гилас өстүргөн багбандар көбөйдү. Азыр багбандар түшүмдү жыйнап гиласты коңшу өлкөлөргө экспортко чыгарып жатат.
4 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.