Айдаркендеги кен казууга байланыштуу нааразы болгон демилгечи топ, Алай районунун Сарык-Могол айылында үйү өрттөнүп кеткен көп балалуу акын жана Бишкек шаарында спорт клубдардын, фитнесс залдардын ачылышын күткөндөр кайрылышты.
Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке жайларды жабуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеси көп талкууга жем таштоодо.
«Элдик экономика» түрмөгүнүн алкагында, чет өлкөдөгү мигранттардын акча которуусунун азайганынын себептери, андагы экономиканын орду жана башка суроолорго экономист Эркин Абдыразаков жооп берди.
Кыргызстанда быйыл мектепке барчу окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге жакын экени маалым болду. Аларды мектепке даярдоо кыйла каражатты талап кылары белгилүү. Балдардын мектепке даярдыгы канча турат? "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул теманы талкуулайбыз.
Кыргызстандын аймагын 34 миң чакырым жол бириктирип турса, алардын 15 миң чакырымдан ашыгы ички жолдор түзөт.
24 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.