Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Нарындагы чечилбеген таза суу көйгөйү
    Нарын районунун Жер-Көчкү айылына тартылган таза суу түтүктөрү бир жылга жетпей керектен чыкты. Азыр жеркөчкүлүктөр кайра эле арыктагы суунун көзүн карап калды. Райондук бийлик бул маселени чечүү күз айларына чейин созуларын айтып жатат.
    4 min
  • Баткендеги таза суу көйгөйү
    Баткен шаар калкы таза суу менен камсыздалган калктуу конуштардын катарында турат. Бирок, шаардын борборуна жакын эле турган кошунтарда таза сууну сатып алып, атайын уналаар менен ташып ичүү кадимки көрүнүш.
    4 min
  • Жаңы конуштардагы суу көйгөйү
    Таза суу маселеси жайкысын борбор калаага жакын жайгашкан айылдарда да негизги көйгөйгө айланат. Маселен азыркы тапта Сокулук районунун Сары-Өзөн айылындагы жүздөгөн үй-бүлө таза сууну бир нече чакырымдан ташып ичүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү суунун тартыштыгына элдин өзүн күнөөлөп келет.
    3 min
  • Кетмен-Төбөдө суу тартыш
    Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылынын тургундары төрт жылдан бери аягына чыкпай жаткан таза суунун курулушун бүтүрүүнү талап кылып жатышат. 2 миңге чукул калк жашаган элеттиктер аргасыздан тазаланбаган булактын суусун өз алдынча айылга тартып алышкан.
    4 min
  • Диний иденттүүлүк деген эмне?
    “Биз жана дин” түрмөгүндө дин жана социология, “диний иденттүүлүк” темасындагы маекти сунуш кылабыз. “Кыргыз социология ассоциациясынын” вице-президенти, Бишкек гуманитардык университетинин “Социология” кафедрасынын доценти Бакытбек Малтабаров менен эксперт Канатбек Мурзахалилов маектешкен.
    17 min
  • Украинадагы кыргызстандыктар (аудио)
    Украинадагы кыргызстандыктардын жашоосу жана бул өлкө менен болгон Кыргызстандын экономикалык мамилеси тууралуу Украинадагы кыргыз диаспорасынын негиздөөчүсү, Кыргызстандын Соода палатасынын Украинадагы ыктыярдуу өкүлү Азамат Исмаиловду кепке тарттык.
    10 min
  • Айыл чарба министрлиги сындан арылбады
    Айыл чарба министри алмашканына бир нече күн эле болду. Алгачкы жыйында жаңы министр Эркинбек Чодуев ондогон кызматкерге сөгүш жарыялаганы айтылып жатат. Министр алмашканы менен жалпы түзүм оңолуп кетеби? Дыйкан менен бул министрликтин ортосундагы ажырым канчалык?
    25 min
  • Кыргызстанда АЭС эмнеге курулбады?
    Кыргызстанда АЭС куруу мүмкүнчүлүгү барбы? Бул суроого бүгүн көпчүлүк кыргызстандыктар “жок” деп айтышы мүмкүн. Бирок, бир учурда, Кыргызстанда атомдук электр станциясын курууга мүмкүнчүлүк болгон. Кантип дебейсизби?
    13 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…