Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Талас: буурчактын акчасы тойго кетти
    Таласта башка облустарда кезикпеген каада-салттар арбын. Айрыкча маркумду акыркы сапарга узатуу, кыз берүү, келин алуу жөрөлгөлөрү үй ээсин кыйла чыгым кылат. Жергиликтүү тургундардын айрымдары ашыкча чыгымга каршы болгону менен андан баш тартууга даяр эмес.
    5 min
  • Ысык-Көл: Ысырапкорчулукту тыюу жеңил эмес
    Ысык-Көл дубанында жамандык, жакшылыктагы ысырапкорчулук айрым айылдарда басаңдап баратат дешет жергиликтүүлөр. Бирок көлдүктөр эл ысырапкорчулукту тыя албасын, анүчүн мыйзам иштеп чыгуу зарыл экенин айтышат.
    4 min
  • Жаштар той-ашка каршы
    Cалт-санаа, ыксыз чыгымдарга каршы чыгып, заманбап көз караштарды карманган жаштар бар. Алар ысырапкорчулукту тыюу идеясын коомчулукка тамаша, кино, ар кандай флешмобдор аркылуу жеткирүү аракеттин көрүп келет.
    5 min
  • Ысмайыл карыянын акыркы ибараты
    "Карынын сөзүн капка сал" деп айтылат элибизде. Өзгөндүк Ысмайыл Мурзабаев кесипке бышкан адис жана турмуштун ачуу-таттуусун көп таткан санжыргалуу кексе карыялардын бири эле.
    14 min
  • Тилалев: Кыргызстанда жүргөн мыйзамсыз мигранттар 100 миңден ашты
    Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан эмгек мигранттардын саны көбөйүүдө. Бул маселе парламент жыйынында көтөрүлүп, депутат Таабалды Тиллаев мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканын айтып чыкты. Эл өкүлү Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экени белгиледи. Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн келип иштегендер көп, мыйзамдуу иштегенге кандай тоскоолдуктар бар? “Арай көз чарай” талкуусунда сөз кылабыз.
    23 min
  • Кара жанын карч урган элеттик аялдар
    Үй-бүлөлүү, эмгекчил, күчтүү, ошол эле убакта өзүн үй-бүлөгө гана арнаган, каршылык көрсөтпөй, бардык кырдаалды кабыл алган, бирок өзүнүн ден соолугун карабаган, аз-маз жүдөгөн, басынган... Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү айылдык аялдарга мына ушундай баа беришкен. БУУнун Өнүктүрүү программасы айылдык аялдарга карата коомдо калыптанып калган көз караштарды, башкача айтканда стереотиптерди аныктоо максатында изилдөө жүргүзгөн.
    14 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…