“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов менен Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасынын орун басары, техника илимдеринин доктору Үсөн Камчыбеков катышты.
Нарын районунун Жер-Көчкү айылы айыл болуп түптөлгөнү таза суу көрө элек. Арыктан суу ичкен бул айылда боор, ичеги оорулары менен жабыркагандардын саны элүүдөн ашык.
Баткен шаарынын 30 миңдей калкын таза суу менен камсыздоо үчүн акыркы 15 жылда эле 100 млн. сомдон ашык каражат сарпталды. Быйылкы жылы дагы жаңы долбоор башталып, 40 млн. сомго жакын каражат сарпталат.
Киров суу сактагычында быйыл суу былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 180 миллион метр кубга аз топтолду. Бул сугат суунун тартыштыгын жаратпайбы?
Маалымат технологиясы боюнча адис, Жогорку технологиялар паркынын байкоочулар кеңешинин мурдагы мүчөсү, NSP жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директорунун орун басары Эрмек Ниязов “Азаттыкка” Кыргызстандын “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга чама-чаркы жетиштүү экенин билдирди.
“Арай көз чарай” талкуусуна окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат борборунун башчысы Жийде Зоотбекова, алып баруучу жана тамада Эркин Рыскулбеков катышты.
24 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.