Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кыргызстандык кыз-келиндердин тандоо укугу
    Бишкектеги Ош базарында башка улуттагы эркек менен кетип баратканы үчүн зомбулукка кабылган келин тартылган тасма коомчулукта кызуу талкууга түшүп, ача пикирди жаратты. Социалдык тармактардагы талкууда айрымдары муну адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү деп сындаса, кээ бирлери кызды жаакка чапкан баланы кубаттап жазышкан. Буга чейин Ош шаарындагы мечиттин имамы студенттер менен жолугушууда кыздарды чет өлкөлүктөргө турмушка чыкпоого үндөгөн эле. Кыргызстандык кыз-келиндердин тандоо укугу сакталганбы? Ал кимден же эмнеден көз каранды? “Аялзат” берүүсүнүн бул жолку чыгарылыш ушул темага арналды.
    11 min
  • Кыргыз коомундагы сексизм
    Кыргызстанда гендердик теңчиликке формалдуу мамиле жасалып, коомдо, үй-бүлөдө аялды басмырлоо маанайы күч экени айтылып келет. Сексизм же аялдарды басмырлоонун күңгөй-тескейи тууралуу “Аялзат" берүүсүндө сөз кылабыз.
    11 min
  • Темир тор артындагы сүйүү
    Ички иштер министрлиги быйыл жыл башынан бери түрмөдө жаткандарга жасалма нике күбөлүгүн жасаган 8 факт боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Ал ортодо абактагылар менен кокустан таанышып, аларды жактырып калган же кылтагына илинип, айласыздан тамак-аш ташып, ал тургай карызын кошо төлөөгө макул болгон кыз-клиндердин саны арбын экени айтылып жүрөт. Сизге кокустан чалган адам абакта экенин кантип билсе болот? Эмнеге кыз-келдиндер үй-бүлөсүн таштап, соттолгон адам менен бирге болууга макул болушат? “Аялзат” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул темага арналды.
    13 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…