Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Төлөнов: Таза суу талапты аткарганда болот
    Президент беш жыл ичинде 600дөн ашык айыл таза суу менен камсыздалат деп убада берди. Бул убаданын ишке ашуусу канчалык реалдуу? Каражат кайдан алынат? Дегеле Кыргызстанда таза суу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруунун күңгөй-тескейи тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
    7 min
  • Бийликтин инвестициялык кадамы кандай?
    «Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы, Германиядагы сапарлары, Орусия менен болгон макулдашуулар өлкөгө реалдуу инвестиция тартууга өбөлгө түзө алдыбы?» деген суроолор далайларды кызыктырып турат.
    21 min
  • «Кытайдан коркпой кызматташуу керек»
    Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 26-апрелде Бээжинде «Бир алкак – бир жол» экинчи форумунун ачылыш аземине катышты. Эксперт Азамат Аттокуровдун пикиринде, коңшу өлкө менен кызматташуу Кремлге жакпайт.
    7 min
  • Кесиптик кошуундарды чочуткан мыйзам
    Парламенттин сайтына жарыяланган “Кесиптик кошуундар жөнүндө” мыйзам талаш жаратты. Айрым тармактык кесиптик кошуундар мыйзам кайра талкууга коюлбаса, нааразылык акцияларын уюштурууга даяр экенин билдиришти.
    23 min
  • Талас таштандыдан арылбады
    Ири таштанды жайларына ыргытылган пакет, желим бөтөлкө сыяктуу жеңил таштандылар шамал менен учуп, башка аймактарды каптаганы чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул боюнча Талас шаарындагы полигондун мисалында сөз кылабыз.
    4 min
  • Ош: Таштандыны иргенгенге мезгил жетти
    Жалпы 53 гектар жерди ээлеп жаткан Оштогу таштанды полигону элдүү конушка жакын болсо да ушул күнгө чейин айланасы тосулбай турат. Шаар аймагынан күн сайын 1200 куб таштанды чыгарылат. Бирок таштандынын желим, айнек же темир-тезеги өз-өзүнчө бөлүнбөй туруп полигонго төгүлөт.
    4 min
  • Нарын: Малдын тарпын таштабайлы
    Мал киндиктүү Нарын өрөөнүндө ыргытылган малдын өлүгү таштандыга байланышкан чоң көйгөй деп саналат. Эчки-Башы айыл өкмөтү тарпты ыргытуу үчүн жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен атайын чуңкур да даярдашкан.
    4 min
  • Нарын: тойдо тоодой эт тартылды
    Акыркы жылдары пайда болгон шартка ылайык азыр мал киндиктүү Нарында кудалар кеминде бир жарым күн сыйланып, алдына 15-20 жолу эт тартылары жаңылык деле болбой калды. Бирок мындай көрүнүштү тоолуктар ашыкча ысырапкорчулук деп деле ойлошпойт.
    3 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…