Оорукчан иниси жана майып уулу менен көчөдө калган 70 жаштагы эне. Каза болгон чек арачынын үй бүлөсүнө үй берилбей турат. Мугалимдер көчө тазалаганга тартылбашы керек. Ушул жана башка кайрылуулар "Эл үнү" радио түрмөгүндө.
Арзандатылган май менен кумшекерди издеген ардагерлер. Бишкекте оор турмуштук жагдайга кабылган Жеңиш Шабиковго Саруу айыл өкмөтү жер бөлүп бере турган болду. “Эл үнү” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында.
Каракол шаарында кайнагасы менен келининин ортосунда жаралган жер талаш. Көзү азиздер жана дүйлөйлөр коомунун Тоң райондук уюмунун ишине карата сын пикир. “Эл үнү” берүүсүнүн кезектеги чыгаралышында.
Алты балалуу педагог ата-энеге акыркы эки жыл оор болду. Кошумча кирешени түзгөн өрүк түшүм бербей калып учурда банктан насыя алып тиричилигин жүргүзүп жатыптыр.
Экономикасы оор кырдаалга кептелген Кыргызстанга инвестиция тартып, жаңы базарларды табуу маанилүү болуп турат. Учурда кайсы өлкөлөр менен экономикалык катнашты өнүктүрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланса болот?
Кыргызстанда кримчөйрөнүн өкүлдөрү жашарып баратат. Бул көрүнүш - бийликтин уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзгөн чабал саясатынын жыйынтыгы. Мындай пикирин жарандык активист Нурсултан Акылбек "Азаттыктагы" маегинде айтты.
Уролог Нурбек Моңолов эркектер үчүн жыныстык тарбия берүүнүн мааниси жана психологиялык абалдын мырзалардын жыныстык саламаттыгына таасири жөнүндө ой бөлүштү.
20 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.