Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Чычырканакты коргогон экоактивист
    Чычырканактын кыйылып, талкаланышы микроклиматка канчалык терс таасирин тийгизиши мүмкүн? Атбашылык экоактивист, чычырканактарды коргоп жүргөн Бегайым Мырзалиева менен ушул темада сүйлөшөбүз.
    11 min
  • Жашоо үчүн күрөшкөн Жеңишбек
    Жеңишбек 13 жашта болгону менен тулку бою үч жаштагы баладай. Дайыма төшөктө же кол арабада жатат. Баса да, отура да албайт. Салмагы болгону 12-13 килограмм.
    12 min
  • Байгер өлкөлөр планетаны сактоону моюнуна алат
    20-ноябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык саммити аяктады. Анын жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү макулдашылды. СОР27 саммитинин жыйынтыгы жөнөкөй кыргыз жараны үчүн эмне берет?
    17 min
  • Бир күндүн тарыхы: Кыргызстандыктар эгемендүүлүктү кандай тосушкан?
    Кыргызстандын эгемендүүлүгү жарыяланган 1991-жылдын 31-августу кыргызстандыктар үчүн катардагы эле күн болчу. Күнүмдүк иши менен алек кыргызстандыктар эгемендүүлүк күн жөнүндө кабарды ар кандай шартта угушту. Айрымдары кандайдыр бир жаңылануунун, өзгөрүүнүн эпкинин сезсе, айрымдар бейкапар эле.
    10 min
  • Кыргызстандагы студенттер эмне жейт?
    Жогорку окуу жайларда билим алган студенттердин басымдуу бөлүгү көчөдөгү тез татымдан азыктанат. Жаштардын 56% фаст-фудду даамдуу деп эсептесе, 43% убакытты үнөмдөш үчүн аны жейт, 14% студенттер тамак-аш кымбат болгондуктан тез татым азыктарын сатып аларын, 6% болсо ага көз каранды экени аныкталган.
    4 min
  • Окуучунун жүрөгүндө калган мугалим
    Орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Француз тил сабактары” дүйнөнүн көп тилдерине которулган классикалык аңгеме. Чыгармада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор турмуш, окуучу менен мугалим ортосундагы өзгөчө мамиле көрсөтүлгөн.
    14 min
  • "Абактагы адамдын коопсуздугуна мамлекет жоопкер"
    "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМК абагында каза болду. Аны 18-июнда түнкү саат бирге жакын абактын кызматкерлери асынып турган абалда тапкан. Маркумдун жакындары банк кызматкеринин өз жанын кыйганына ишенбейт.
    8 min
  • Баткендеги музей кантип түптөлгөн?
    Баткендеги мындан төрт жыл мурда иштей баштаган алгачкы музейди үч тарых мугалими негиздеген. Алар эл аралап эки миңден ашуун экспонаттарды кантип чогултушканын "Азаттыкка" айтып беришти.
    11 min
  • Омор Султановдун үч чоң бийиктиги
    Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун талантынын күчү жана кыргыз адабиятына киргизген жаңылыгы эмнеде? Адабият таануучу жана жазуучу Абдыкерим Муратов “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна жооп берди.
    11 min
  • Өмүрзаков: «Дания Украинадагы кырдаалдан улам келишимди токтотту»
    Бийчи Атай Өмүрзаков Фейсбуктагы баракчасына Даниядагы өнөктөшү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди. Өмүрзаков мындай билдирүүнү социалдык тармактардагы баракчаларына жазды. Бул кырдаал боюнча бийчи «Азаттыкка» маек курду.
    3 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…