Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • "XXI кылымдын духун чагылдырган чыгармаларды жаратсак"
    Кыргызстандык белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин "Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси" аттуу чыгармасы түрк тилинде жарык көрдү. Евразия жазуучулар бирлиги анын бет ачарын Бишкек шаарында өткөрдү.
    12 min
  • Басмачылык кыймылга укуктук баа: Кыргызстандагы көз караштар
    Өзбекстандын Жогорку соту басмачылыкка жана антисоветтик аракеттерге айыпталган 115 адамды актады. Бул Борбор Азияда басмачыларды актап, саясий реабилитацияга жол ачкан алгачкы учур болуп калды. Кыргызстанда дагы изилдөөчүлөр, коомчулук арасында совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар - басмачылык тууралуу карама-каршы пикирлер көп.
    24 min
  • Ооганстандагы кырдаал: Борбор Азияга таасири кандай болот?
    Ооган өкмөтү кулап, талибдер Кабулду ээлегенден кийинки кырдаал коңшу өлкөлөрдө кооптонуу жаратууда. Ооганстандагы соңку абал Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн? Алдыда кандай тобокелчиликтер бар жана алдын алуу аракеттери кандай болушу керек? “Эксперттер талдайт” программасы ушул теманы талдады.
    52 min
  • Опурталдуу, бирок көптү кызыктырган альпинизм
    Акыркы бир нече жуманын ичинде Кыргызстандагы бийик чокуларга чыккан эки альпинист каза болуп, экөө дайынсыз болууда. Кабары чыкпай жаткандардын арасында британиялык коомдук ишмер, укук коргоочу Мехри Жафари да бар. Июль, август айларында өлкөгө альпинизимге кызыккан чет өлкөлүктөр көп келет.
    12 min
  • Отунбаева: Пандемиянын сыноосунан өтүп жатабыз
    Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева курамына кирген эл аралык комиссия пандемиянын сабактары тууралуу сентябрь айында жаңы баяндамасын жарыялаганы турат. Экс-президент баяндаманын чоо-жайын “Азаттыкка” маегинде айтып берди.
    29 min
  • "Ооган согушуна от тамызган геосаят" (Аудио)
    Ооганстанда талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда уруш уланып жатат. Ооган урушуна улуттук биримдик, ички ынтымактын жоктугу, анын айынан өкмөттүн алсыздыгы себеппи, же мунун баары чоң өлкөлөрдүн эрегишинин кесепетиби? Бул теманы “Арай көз чарай” талкуусунда талдадык.
    32 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…