Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • "Тилден уят сөздөрдү чийип салуу мүмкүн эмес"
    Тарых илимдеринин кандидаты Абдумиталип Мурзакметов бир канча жылдан бери кыргыздын уят жана сөгүнгөн сөздөрүн топтоп, талдап жүрөт. Илимпоз уят сөздөр да тилдин байлыгы деп эсепейт. Ал "Ачык Time" подкастында кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
    15 min
  • “Эркектин эрежеси аялдын укугун бузат”
    Эмне үчүн аялдардын таламын талашып, зомбулукка каршы турган эркек активисттер аз? “Аялзат” подкастында журналист Санжар Эралиев менен укук коргоочу Эржан Сулайман ушул маселени талдашат.
    Подкаст «Айкын багыт» коомдук фондунун «Коопсуз үй» маалымат өнөктүгүнүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды.
    Мазмунуна “Айкын багыт” коомдук фонду жана “Азаттык” жооптуу. Талкуунун өзөгү АКШ өкмөтүнүн, USAID жана FHI 360 уюмдарынын турумун билгизбейт.
    16 min
  • «Өлкөдөгү абалга зээним кейийт»
    «Азыркы кыргызстандык» подкастынын бул жолку каарманы ырчы, маданияттын мыкты кызматкери Султан Садыралиев. Ал чыгармачылык, Кыргызстандагы соңку окуялар жана келечекке карата үмүттөрү тууралуу ой бөлүштү.
    14 min
  • Укук коргоочулукка жетелеген оор жылдар
    Азиза Абдирасулова укук коргоочу болгонго чейин татаал тагдырды башынан өткөргөн. Ал Майлуу-Суудагы оор күндөр, тирилик үчүн таштандыдан темир-тезек издеген учурлары, айласыздан Бишкекке келип “Ош базарында” тамак саткан кездери, гезитке макала жазып жүрүп жарандык активисттер менен таанышканы, эки күнгө камалганы, соттолгону тууралуу сыр бөлүштү. Ошондой эле азыркы жашоосу, укук коргоочулук ишмердиги, өзү түптөгөн “Кылым шамы” уюмунун жетекчилигинен кеткенин айтып берди.
    43 min
  • 2020: «Азаттык» жоготкон чыгаандар
    2020-жылы «Азаттык» радиосунун жамаатында орду толгус жоготуу болду. Чыгаан журналист, көпчүлүктүн устаты Бүбүкан Досалиева жана белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салышты. Аларды жаркын элесине арналган баянды сунуш кылабыз.
    30 min
  • "Бизге ВИЧ жуккан. Күрөштү улантабыз"
    Дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Сырга менен Карачач сыр бөлүштү. ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөрдүн тагдырына арналган "Сынбайм" аудиобаяндар сериясынын кезектеги эпизоду.
    12 min
  • "Сүрөт тартканда кайгымды унутам..."
    Кичинекей кезинде дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Үмүтжан сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясынын алкагында кезектеги подкастты сунуш кылат.
    10 min
  • Борченов: "61 кет" дегениме өкүнөм
    Азыркы кыргызстандык ким? Бир канча тил, технологияны билген кыз-жигитпи? Жакшы жашоо издеп кеткен мигрантпы? Өз мекени үчүн кайдыгер эмес замандашпы? "Азыркы кыргызстандык" подкастынын алгачкы каарманы алып баруучу Урмат Борченов.
    15 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…