Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Улуу көч кылган катаны, урпактар кийин баяндайт
    "Азаттыктын" "Эгемендикти эмне бекемдейт?" сынагына Чаткал районунун Терек-Сай айылынан Чынар Токоева "Отуз жылдык арманым" деген ыр саптарын өзү окуп аудио кат жиберген. Элеттик ардагер акын Чынар Токоеванын буга чейин ыр китеби да чыккан экен.
    5 min
  • "Мадинамдан айрылып калдым"
    Баткенде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын атасы Наимжан Абдуллов "Азаттыкка" маек берди.
    4 min
  • Жусупалиев: Чыгарма адамдын жүрөгүнө өз тили менен жетет (аудио)
    Драматург, акын, котормочу, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Элмурод Жусупалиев 50 жашка чыкты. Ал “Жараланган жүрөк”, “Бар экен, жок экен”, “Ревизор” өңдүү көптөгөн пьесалардын, ырлардын, котормолордун автору. Чыгармачылыгы, кыргыз-өзбек адабий алакалар тууралуу сыябан-маек курду.
    13 min
  • Концепция - жаңы, көйгөйлөр - эски
    Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы 2014-жылы 6 жылга делип кабыл алынган.Концепциянын негизги максат, милдети кандай болчу? Ал канчалык деңгээлде ишке ашты? Эми жаңы иштелип чыккан концепция эскисинен эмнеси менен айырмаланат?
    “Биз жана дин” түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Гүлназ Исаеваны кепке тартты.
    13 min
  • Токтогулов: Байдендин администрациясы адам укуктарына көңүл бурат
    АКШнын салттуу өнөктөштөрү Жо Байденге чоң үмүт артып, анын келиши менен ортодогу мамилелердин оң жакка өзгөрөрүнө ишенишет. Мындай пикири менен Кыргызстандын Вашингтондогу мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов бөлүштү. Анын пикиринде, жаңы администрация адам укуктары маселелерине көбүрөк көңүл бурат.
    6 min
  • "Диндин саясатташканы начар тажрыйба"
    Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо айрым талапкерлер өзүнүн диндар экенин көрсөтүүгө аракет кылып, теледебаттарда диний көз караштагы чакырык таштоого үлгүрдү.
    Кийинки жылдары буга чейинки шайлоо жараяндарында да талапкерлер динди колдонгон бир нече факты байкалган. Талапкердин жарандарга диний ишенимин таңуулашы, элге ушул жол менен таасир этүү аракети кыргыз мыйзамдарына дал келеби? Бул жагдай мамлекеттик башкарууда кандай оош-кыйыштарды жаратат?
    11 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…